whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
25.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда 16 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлдү

Кыргызстанда 16 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Министрлер Кабинетинин жумуш ордун түзүү тууралуу буйругунун аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрлик жыл аягына чейин 38 миңден ашык жумуш ордун түзүү боюнча жоопкерчилик алган. Бүгүнкү күндө «Социалдык контракт» программасын ишке ашыруунун алкагында 9 миң 800, акы төлөнүүчү коомдук жумуштардын негизинде 5 миң 800, жеке ассистенттин кызматын көрсөтүүдө 446 жумушчу орундары түзүлдү.

«Калган жумуш орундары жыл аягына чейин 23 миң жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык келишим түзүү жана мамлекеттен каржылоо алган үй-бүлөлөр менен кошумча жумуш орундарын ачуу, ошондой эле акы төлөнүүчү коомдук иштердин, жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнүн алкагында түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар