Айыл чарба тармагында иш жүргүзгөн ассоциациялар “Кыргызстандын агроөнөр жай комплекси – өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи” хартиясына кол коюшуп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында бир катар ассоциациялар Агроальянска бирикти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Эми министрлик Агроальянстын өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында жүргүзгөн иш-аракеттерин ар тараптуу колдоого алат жана көмөк көрсөтөт.
Белгилей кетсек, 16-августта айыл чарба тармагындагы ишмердүүлүк жүргүзгөн бир катар ассоциациялар бириккендигин жарыялашкан. Алар:
- Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы;
- Канаттуулар Ассоциациясы;
- Мөмө өстүрүүчүлөр ассоциациясы;
- Жүгөрү өстүрүүчүлөр ассоциациясы;
- Ун комбинаттарынын ассоциациясы;
- Сүт өндүрүү ассоциациясы;
- Борбордук Азиянын багбандар союзу;
- Кыргыз жер семирткичтерди ташып келүүчүлөр ассоциациясы.
Аталган биригүү биринчи кезекте Кыргызстандын калкын негизги тамак-аш азыктары менен камсыз кылууга, атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, кластердик өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун арттырууга, экспортук дараметти жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк көз карандысыздыгына жетишүүгө багытталган заманбап технологияларды киргизүү максатын көздөйт.
Өз кезегинде министрлик кайра иштетүү өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүгө, өлкөнүн ар бир жараны үчүн коопсуз тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, айыл чарба ишканаларынын өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө, тармактагы ченемдик-укуктук актылар базасын иштеп чыгууга көмөктөшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.