Чоң Чүй каналынан 14 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-августта Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынан А.А. аттуу 14 жаштагы бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары издөө ишине тартылып, натыйжа болгон эмес.
«Бүгүн, 26-август күнү издөө иштерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын өздүк курамынан 60 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер жана туугандары издөө ишине тартылды», — деп айтылат маалыматта.