whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятКыргызстанда алгачкы жолу заманбап балет труппасы түзүлөт

Кыргызстанда алгачкы жолу заманбап балет труппасы түзүлөт

Кыргызстанда алгачкы жолу 40 бийчиден турган классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган заманбап балет труппасы түзүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Классика жана заманбап бийи синтездешкен балет труппасына 18ден 25 жашка чейинки улан-кыздар кастинг жолу менен кабыл алынат. Кастингге катышууда жарандык чектелбейт.

Кастинг 2024-жылдын 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореграфиялык окуу жайында өтүп, советтик жана орусиялык хореограф, «Тодес» эл аралык балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Алла Духованын төрагалыгы менен жана башка белгилүү хореографтардын катышуусунда өтөт.

Жаңы түзүлгөн балет труппасы Токтогул Сатылаганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын штатына кабыл алынып, Кыргызстандагы алгачкы заманбап балет трупасы болот.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар