Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уюшулганына 70 жыл толот. Адамдын жаш курагына салыштырсак, бул жетилген курак, артка кылчайып, эмнени аткара алдык, кандай жетишкендиктер болду, эмнени өткөрүп жибердик, кандай каталарды кетирдик деп ойлоно турган курак.
Улуттук илимдер академиясынын тарыхына токтоло кетсек, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда, 1943-жылы уюшулган, ал эми Кыргыз ССР Илимдер академиясы 1954-жылы негизделген. Согуш убагында жана согуштан кийинки кыйын кезеңге карабастан, ошол кездеги республиканын жетекчилери илимди өнүктүрбөй туруп эч кандай алга жылуу болбостугун эң жакшы түшүнүшкөн.
Кыргызстандын Илимдер академиясынын филиалы уюшулганда, Россиянын чоң илимий борборлорунан (Ленинград, Москва ж.б.) белгилүү окумуштуулар которулуп келишкен. Алардын зор эмгегин эстеп жүрүү абзел.
УИАнын гүлдөп өсүшүнө алып келген илимпоздор
– 1960-1980-жылдары өнөр жай секторунун, айыл чарбасынын жана өлкөнүн эл чарбасынын башка тармактарынын тез өнүгүшү, академиялык илимдин гүлдөп өсүшүнө алып келген. Мисал катары Кыргызстандын окумуштууларынын белгилүү, дүйнөлүк деңгээлдеги изилдөөлөрүн келтирсе болот: академик О.Д. Алимовдун жетекчилиги менен айды жана планеталарды изилдөө үчүн автоматтык бургулоочу машиналарды жана роботторду түзүүгө катышышкан.
Академик А.А. Алтымышевдин илимий жетекчилиги менен Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүнүн негизинде космонавттар үчүн адаптогендик препараттар иштелип чыккан жана колдонулган. Ошондой эле эң жакшы баага татыктуу болгон.
Ал эми, мүчө-корреспондент Ц.Ц. Хандуевдин жетекчилиги менен малдардын ооруларына каршы вакциналар алынган, ал вакциналар чет мамлекеттерге да жиберилип турган (Монголияга, ж.б.).
Мамлекеттин тапшырмасы менен ардактуу академик Г.Б. Аймухамедованын жетекчилиги астында (жабык тематика боюнча) парашюттун материалын (өтө бекем) алуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Геология институтунун окумуштууларынын өлкөбүздүн кен байлыктарын ачуудагы эмгектери да азыркыга чейин пайдасы тийип жатат.
УИАнын иш-аракети өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү
– Акыркы жылдары коомдук илимдер тармагында өлкөбүздүн тарыхын, тилин, философиясын, экономикасын изилдөөдөгү “ак барактарды” калыбына келтирүү жаатында да зор жетишкендиктер арбын десек жаңылышпайбыз.
Илимдер академиясынын иш-аракети дайыма өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүнүн практикасына багытталып келгендигин айтуу керек. Илимдер академиясынын окумуштуу-лары кыргыз жеринин жаратылыш байлыктарын өздөштүрүүдө чечүүчү салым кошушту. Кыргызстандын экономикасы эң жаңы технологияларды, приборлорду, жабдууларды, машиналарды жана механизмдерди, дары-дармектерди алды.
Алардын ичине ирригациялык системаларды автоматташтыруу жабдуулары жана жер кыртышынын жылышын геоэкологиялык башкаруунун телеметрикалык системасы, жер жана суу кадастрлары, өлкөнүн атласы, тоо-кен өнөр жайы үчүн машиналар жана механизмдер кирет. Алтынды, сурьманы казып алуунун, минералдык жер семирткичтерди, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө керектүү стимуляторлорду алуунун технологиясы өндүрүштүн кызматына коюлган. Жогорку продуктылуу айыл чарба малынын жергиликтүү шартка ылайыкташтырылган жаңы породалары алынган.
УИАнын кыйынчылыктары жана жоготуулары
– СССРдин кулашы жана эгемендүү Кыргыз Республикасынын түптөлүшү, албетте өлкөнүн турмушунун бардык чөйрөлөрүндө олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизди. Бул жаатта Улуттук илимдер академиясы да четте калган жок. Рес-публиканын экономикалык оор абалы менен байланышкан бул мезгил илимдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизди. Көптөгөн алдыңкы илимпоздор өлкөдөн чыгып кетишти, айрымдары бизнеске, ЖОЖдорго ж.б. жерлерге кетти.
Башка чет мамлекеттердин илимпоздору менен байланыштар үзүлүп, илимди акыркы үлгүдөгү илимий-техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу токтоп, эмгек акы төмөндөп, илимий экспедиция, командировкаларга каражат бөлүнбөй калды, окумуштууларды турак жай, жатакана ж.б. менен камсыз кылууну айтпаганда да. Мындай саясаттын кесепети, тилекке каршы, бүгүнкү күндө да бизге терс таасирин тийгизүүдө. Эгерде 30 жыл мурун илим престиждүү жана жагымдуу болсо, бүгүн тескерисинче.
Биринчиден, бул илимди каржылоонун өтө төмөндүгү менен байланыштуу, жогорку окуу жайын жаңыдан бүтүргөн жаш адистин айлыгы 9877 сом болгондо, албетте, мындай айлык менен жаш окумуштууларды илимге тартуу мүмкүн эмес. Белгилей кетсек, Улуттук илимдер академиясынын институттарынын кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 13 миң сомду түзөт.
Окумуштуу ийгиликтүү иш алып ба-руусу үчүн, анын жашоосу жана ишине нормалдуу шарттарды түзүп бериш керек. Окумуштууларга деп 1982-жылы кооператив тибиндеги үй салынган, андан бери бир дагы үй, жатакана дагы берилген жок.
Ошондуктан Улуттук илимдер академиясынын сакталып калган илимий потенциалын жоготпоо үчүн эмгек акыны жогорулатуу боюнча токтоосуз чараларды көрүү, экспедицияларга жана командировкаларга, керектүү илимий жабдууларды алууга кошумча каражат бөлүү, аспиранттардын стипендиясын жогорулатуу зарыл (азыркы убакта аспиранттардын стипендиясы 2892 сомду түзөт). Ошону менен бирге илимпоздор үчүн, өзгөчө жаштарга, үй, жатакана салып берүү жагы каралса, абдан жакшы болмок.
УИАга берилген мамлекеттик жардамдар
– Учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Жапаровдун колдоосу менен Улуттук илимдер академиясынын имараттарын капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Илимдер академиясынын бардык жамаатынын атынан кадырлуу Президентибизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан илимдин муктаждыгына көбүрөөк көңүл бурула баштады.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун 2023-жылдын 28-сентябрындагы №573 тескемеси менен 2023-жылы Кыргыз Рес-публикасынын Улуттук илимдер академиясына 7 илимий долбоорлорду ишке ашырууга кошумча 110 713 600 сом бөлүнгөн. Бул төмөнкүдөй долбоорлор: “Кыргызстандын маданий жана табигый флорасынын өсүмдүктөрүн сактоонун жана сарамжалдуу пайдалануунун илимий негиздери”; “Өсүмдүктөрдүн продуктыларында, тоютта, үрөндө жана отургузулуучу көчөттөрдө ГМОну табуу, идентификациялоо жана сандык аныктоо”; “Азыркы Кыргызстандагы иденттүүлүктөрдүн калыптануу жана өз ара таасир этүү проблемаларын комплекстүү фундаменталдуу изилдөө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын иштеп чыгуу жана экспертиза кылуу”; Кыргыз Республикасында эркин агымдагы ГЭСтерди ишке киргизүүнү илимий-техникалык жактан камсыздоо жана чакан ГЭСтин иштелип чыккан модулунун долбоордук-конструктордук документтерин даярдоо”; “Кыргыз Республикасынын аймагын жалпы сейсмикалык райондоштуруу боюнча 1:1000000 масштабдагы карталарынын комплексин түзүү”; “Көөнө тарых сырлары”.
Мындан тышкары, дагы 8 илимий долбоор тандалып алынып, каражат бөлүнөөрү белгилүү болду. Алар: “Жергиликтүү чийки заттын негизинде вольттуу керамиканы чыгарууну уюштуруу боюнча илимий-өндүрүштүк участокту түзүү”; “Өндүрүмдүүлүгү жылына 500 кг.дан кем эмес болгон, жогорку деңгээлде тазаланган жогорку гельдүү пектинди алуу боюнча технологиялык линияны иштеп чыгуу жана өнөр жай өндүрүшүнө киргизүү”; “Химиялык фармацевтикалык өндүрүш комплексин түзүү”; “Жүн борборун түзүү”; “Ысык-Көлдүн органикалык булгануу көйгөйлөрүн чечүү үчүн товардык жана эндемикалык балык түрлөрүнүн санын калыбына келтирүү”; “Автоунааларда колдонулган катализаторлордун активдүүлүгүн калыбына келтирүү”; “Агынды сууларды оор металлдардын иондорунан тазалоо үчүн табигый глауконит минералына негизделген экосорбент – туруктуу жашыл экономикага карай жол”; “Бишкек шаарынын аймагын сейсмикалык микрорайондоштуруунун ыктымалдык картасын түзүү”.
Президенттин ишеничин актоого болгон аракеттер
– 2024-жылдын 13-февралында өткөн Илим жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин жыйынында А.Ү. Жапаров: “Биз академиялык чөйрөдөн чечкиндүү кадамдарды жана бурулуш идеяларды күтөбүз!” – деп айтты. КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы илимдин алдында турган негизги милдеттер катары эки багытты белгиледи: суу көйгөйлөрү жана азык-түлүк коопсуздугу. Буга байланыштуу эки топ түзүлгөн, алардын бирине азык-түлүк коопсуздугу боюнча жетекчилик кылуу мүчө-корреспондент К.Т.Шалпыковго тапшырылды, башка топтун ишин, суу көйгөйлөрү боюнча Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору Д.Т.Чонтоев координациялайт. Аларга бул багыттар боюнча мамлекеттик программаларды даярдоо, бул көйгөйлөр менен иштеген илимий-өндүрүштүк коллективдердин тизмесин түзүү жана жол карталарын иштеп чыгуу тапшырылган. Геология институту сейрек кездешүүчү металлдардын, көмүрдүн жана минералдык жер семирткичтердин кендерин издөө жана чалгындоо тармагындагы изилдөөлөрдүн абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө докладдык кат даярдашты.
УИАга тиешелүү мыйзамдар жана актылар
– “2021-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 22-беренесинин 5-пунктунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ролу жөнүндө мындай жазылган: “Улуттук илимдер академиясы үзгүлтүксүздүктүн жана илимий прогресстин принциптерине таянып, фундаменталдык жана прикладдык илимдер тармагындагы багыттарды координация-лайт”. Бирок, бул пункт толук аткарылбай жатат, анткени Улуттук илимдер академиясы жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана бул мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасында келип чыккан ченемдик-укуктук актыларды киргизүү керек. Улуттук илимдер академиясы жөнүндө жаңы Мыйзамдын долбоорун кароо стадиясында турат жана алар Илимдер академиясынын жалпы чогулушунда (2024-жылдын 21-февралында) жактырылган Мыйзамдын жаңы редакциясын колдошот деп терең ишенебиз.
Дегеним, Эгемендүүлүк жылдарында биздин көйгөйлөргө биринчи жолу көңүл бурулуп жатат. Бул жерде бизге ишенип, пайдаланууга берилген имараттарга, мүлккө жана жерлерге болгон мамилебизди белгилегим келет. Илимдер академиясы бардык мүлктөрдү, имараттарды, курулуштарды, эксперименталдык базаларды, Ботаникалык бакты сактап калды.
Өлкөдөгү инновациялык өсүштү камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү
– Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында илимдин докторлору жана кандидаттары илимий даражасы бар окумуштуулар эң көп топтолгондуктан, илимдер академиясынын фундаменталдык илимдин бир катар багыттары боюнча жетиштүү потенциалы бар. Ушул өңүттөн алганда,Улуттук илимдер акаде-миясына улуттук долбоорлорду жана программаларды илимий жактан камсыздоо жана мамлекеттик илимий экспертизалоо функцияларын берүү керек, алар туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө багытталган жогорку сапаттагы, илимий негизделген өлкө долбоорлорун ишке ашырууга кызмат кылышы керек.
Илимдин келечеги анын өлкөдөгү инновациялык өсүштү камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүнөн, демек, илимди өндүрүш жана кесиптик билим берүү менен эффективдүү интеграциялоодон түздөн-түз көз каранды. Илимдин практикалык натыйжалары үчүн бир критерий болушу керек – бул илимий натыйжаларга ички жана тышкы рынокто суроо-талаптын болушу.
Учурдан пайдаланып өлкөбүздүн илимпоздорун Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдык юбилейи менен куттуктайм, баарыбызга ийгилик!
Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”