whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.03.2025
18.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАйнура САГЫН: “Таштандыны азайтуу үчүн таштандыны сатып албоого үйрөнүшүбүз керек”

Айнура САГЫН: “Таштандыны азайтуу үчүн таштандыны сатып албоого үйрөнүшүбүз керек”

Учурда Кыргызстанда экологиялык маселелерди козгоп, аны чечүүнүн жолдорун издеп жаткан жаштар, уюм, мекемелер бар. Алардын арасында 5 жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүү боюнча активдүү иш жүргүзүп келе жаткан «TAZAR” коомдук уюму бар. Аталган уюмдун жетекчиси Айнура САГЫН бүгүн бизге кызыктуу маалыматтары менен бөлүштү. 

– Айнура айым, сиз жетектеген «TAZAR” коомдук уюму качан, кантип ишин баштап калган?

– Бир жылдары эл аралык бир долбоор Бишкек шаардык таштанды полигонуна иликтөө жүргүзүүгө студенттерди жалдап калды. Курбуларым менен ага катышып, полигондун аянычтуу акыбалы жүрөгүмдө калып калган. Университетти бүткөн соң көп жерлерде иштедим. Ошол учурларда хайкинг, трекингдерге катышып жүрүп бизде таштанды өтө көп экенин билдим. Бир күнү курбум Бишкектеги турмуш-тиричиликти кайра иштеткен пункттардын картасын чыгаралы деп калды. Кадимки кагазга чыгаралы десек элге анчалык түшүнүктүү болчудай эмес. Ошентип 2019-жылы кайра иштетүүчү калдыктарды кабыл алган пункттардын дарегин көргөзгөн “Tazar” мобилдик тиркемесин иштеп чыктык. Ага Бишкектеги айнек, металл, пластик, органика кабыл алуучу пункттар тууралуу маалыматтарды киргиздик. Жыл бою тиркеме колдонуучулардан “Бул дарегиңер туура эмес экен”, “Бул пункт жабылып калыптыр”  деген сыяктуу пикирлер келип, чалуулар болуп жатты. Эл тиркемеге ушунча убакыт реакция кылып жатса муну чоңойтолу дедик. 2022-жылы  “Tazar App” деп тиркеменин экинчи версиясын чыгарып, ага өлкөдөгү бардык кайра иштетүүчү таштанды кабыл алуучу пункттардын баарын киргиздик.

– Бул тиркеменин иштеши элге, экологияга кандай пайда алып келди?

– Учурда кимде кандай кайра иштетүүчү калдыктар болсо тиркемеде көрсөтүлгөн даректерге өздөрү алып барып тапшырса болот. Же тиркемеге өзүндөгү калдыктардын көлөмү, үйүнүн дареги тууралуу билдирүү калтырса биздин экомобиль барып аны жүктөп кетет. Жаран канча килограмм кагаз, плас-тик же башка нерсе тапшырса биз ага ошончо балл беребиз. Топтолгон баллга жаран биз кызматташкан компаниялардан, бизнестерден товар алат же кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланат. Мисалы, 40 баллы бар жаран “Шоро” компаниясынан 6 бөтөлкө шоро суусундугун алса болот. Ысык-Көлдөгү “Мацумоти отель” япон-кыргыз эс алуучу бутиги биздин тиркемеден 1000 балл алган жаранга 3 күндүк бекер эс алууга шарт түзүп берет. Ушул сыяктуу биз топтолгон баллдарды товарга же кызмат көрсөтүүлөргө алмаштырып берип жатабыз. Бул элдин тиричилик калдыктарын иргөөсүнө чоң стимул болуп жатат.

–  Мекемелерге бекер экотренингдерди өткөзүп, кээде аларды сатат экенсиздер. Ага суроо-талап кандай?

– Биз экинчи тиркемени чыгарганда эми эл таштандыларды иргеп башташат деп ойлогонбуз. Көрсө, элде катуу калдыктарды иргөө, кайра иштетүү
боюнча жетиштүү маалыматтар жок экен. Мисалы, бизде сүт, айрандардын тетрапак идиштерин картон деп картонго кошо беришет. Ошондуктан тренингдерди өткөрүүгө кириштик. Тренингдерге алгач эл аралык уюмдар, ишканалар гана кызыгып, кийин атамекендик уюм, мекемелер сураныша башташты. Министрликтерге, оорукана, мектептерге бир топ бекер тренингдерди өткөрдүк. Окууларды өткөрүүдө ар кандай маалыматтарды чыгарууга, тренердин эмгек акысына жана башкаларга каражат керек болот. Ошондуктан төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар айрым банктарга, бизнестерге, компания-ларга акылуу тренингдерди өткөрөбүз. Бирок, андай учурлар сейрек болот. Ошого карабай биз экологияны жакшыртуу аракеттерибизди улантып, пластик бөтөлкөлөрдүн капкактарынан имарат беттерине муралдарды илип жатабыз. Андай муралдар азыр Бишкекте 4 жерде бар. Мурал каармандарын болсо биз өз кесибин сүйгөн, ошол кесипти көп жылдан бери аркалап келе жаткан карапайым адамдардан тандадык. Ошентип биз көзгө көрүнбөгөн эмгекти даңазалоо менен экологиялык көйгөйгө элдин көңүлүн буруп, элди тазалыкка үндөп келебиз. Мындай муралдарды жакында Нарын, Баткен, Караколго илдик. Келечекте Таласта, Ошто, Жалал-Абадда илинет. Бул долбоорубузга “Шоро” компаниясы демөөрчү болуп берди.

– Айтсаңыз, эмнеге бизде айнек алган пункттар жокко эсе?

– Учурда кир айнектин килограммын 1 сомдон, тазасын 2 сомдон алышат. 30 килограмм айнекти бир жерге алып барып тапшыруу өзүн-өзү актабайт. А пластиктин бир килограммы 20-25 сом жана аны чогултуу, жеткирүү анчалык кыйынчылык жаратпайт. Ошон үчүн бизде желим бөтөлкөлөрдү чогултуу популярдуу. Бирок, Кыргызстандагы пластик бөтөлкөлөрдүн 18 пайызы эле кайра иштетилет. Анткени пластиктин 7 маркировкасы болсо анын 3 маркировкасы (PETE-1, HDPE-2, LDPE-4) гана бизде иштетилет. PP-5 маркировкасына кирген бир жолу гана колдонулуучу пластик контейнер, стакандар, идиштер Россияда иштетилсе, бизде кайра иштетилбейт. Калган маркировкадагы пластиктерди иштетиш үчүн Кыргызстанда атайын заводдор курулушу керек. Өнүккөн өлкөлөрдө деле азырынча бул маселе чоң көйгөй. Японияда азыр кайра иштетилбеген пластиктерди өрттөп, андан энергия алып, күлүн асфальттарга кошушат. Өрттөө учурунда түтүн чыпкаланып, абага көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыкпайт. Азербайжан мындай заводду курганы менен түтүнүн чыпкалай албай жатат. А көмүр кычкыл газы болсо парник эффектин жаратарын жакшы билесиздер. Ошондуктан Европа азыр кайра иштетилбеген калдыктарды өрттөөгө каршы чыгып, андай заводдор курулса көмүр кычкылтеги чыпкаланып кайра жерге көмүлүшү керек деген пикирде турушат. Бирок, ансыз да көмүр, нефть, металл өндүрүүдөн эле абага көмүр кычкылтегинин концентрациясы көп бөлүнүп чыгып жаткандыктан муну менен маселе чечилбейт.

– Демек кайра иштетүү менен эле таштанды маселеси толук чечилип калбайт экен да?

– Негизи пластикти 4 жолу кайра иштетсе болот. Бирок кайра иштетсе болот деген пикирден улам таштанды кайра көбөйүп жатат. Ошондуктан япондор кайра иштетүү экологиялык маселени толук чечпейт дешип, адамдарды калдык чыгарбай жашоого үндөшүүдө. Алсак азыр сиз дүкөнгө бир киргенде эле тетрапактагы же желим бөтөлкөдөгү айран, сүт же пластик идиштеги тез татымды сатып аласыз да, аны кайра целлофан баштыкка салдыртасыз. Ошентип бир киргенде эле эки-үч таштанды ала чыгасыз. Эгер сиз үйдөн атайын баштык ала келип, айнек идиштеги товар алсаңыз таштанды чыкпайт. Анткени айнекти, темирди чексиз кайра иштете берсе болот. Ошондуктан экоадистер элди таптакыр консьюмерист кылбай, аң-сезимди бир аз өзгөртүш керек деген пикирге келип жатышат. Себеби, таштанды дүкөндөн, сатып алуулардан, базарлардан башталып жатпайбы.

– Адистер биздеги таштандынын 90 пайызы кайра иштетилет деп жатышат. Мунун канчалык чындыгы бар?

– Жок, биз анчалык деңгээлде кайра иштете албайбыз. Себеби, бизде андай заводдор жок. Тигүүчү цехтерибизден күнүгө 80 тоннадай текстиль чыгат. Аны азыр эмне кыларын билбей турушат. Атайын жабдык алып келишсе ал бир күндө болгону 3-4 тонна гана текстилди жок кыла алат экен. А өрттөө болсо кайра эле экологияга зыян алып келет. Ошондуктан башка өлкөлөрдөгүдөй текстилдик калдыктардан суюк дубал кагазын (обои), байпак, мээлей чыгарганды колго алышыбыз керек. Бирок, текстилдин да ар кандай түрү болгондуктан анын баарын иштеткенге ар кандай жабдыктар керек. Ал эбегейсиз чоң акча. Ошол себептен таштанды, таштандыны кайра иштетүү маселесинде мамлекет, жеке сектор жана жарандык сектор биргелешип иш кылышы керек. Мамлекет мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөөнү жөндөсө, жеке сектор кайра иштетүүчү жабдыктарды сатып алып, экинчи сырьё чыгарат. А эл, карапайым адамдар таштандыларды өз-өзүнчө бөлүп чогултуп, тийиштүү жерлерге тапшырып турса өнүгүү болот. Бул үч бурчтук кызматташуусу болбосо таштандыны кайра иштетүү, азайтуу көйгөйү эч качан чечилбейт. Эң негизгиси, мамлекет экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жаатында иш алып барып жаткан мекеме, ишканаларга мамлекеттик деңгээлде жардам бериши керек.

– Айыл жерлериндеги таштанды көйгөйлөрүн кантип чечсек болот?

– Айыл жерлериндеги таштанды көйгөйүнүн чечилбей жатканынын бир себеби – эл таштанды чогултууга акча төлөгүсү келбейт. Ошол себептен таштандылар айлап чогултулбай жата берет. А айыл өкмөтүндө болсо таштандыны чогултуучу техниканы тейлөөгө, жумушчуларга айлык төлөп берүүгө акча жок. Анан ар ким каалаганындай таштандыларын таштанды төгүүчү жайга жеткиришет. Бири туура төксө, дагы бири ага жеткирбей эле төгүп салып, жер-жерлерде стихиялык таштанды жайлар көбөйдү. Муну туура жолго салыш үчүн кайра эле диалог, коллаборация керек.

– Сырттан келген товарлардын дээрлик жарымы кайра иштетүүчү маркировкалары жок келет экен. Муну теске салсак болот беле?

– Биз кичинекей мамлекетпиз. Бизге товарлардын 80 пайызы Россия, Казакстан, Белоруссия, Кытай сыяктуу мамлекеттерден келет. Ошентип биз алардын экономикасына иштеп жатабыз. Эгер биз ошол өлкөлөрдөн кайра иштетүүгө жарабаган тетрапак, пластик менен келген товарларын албайбыз десек алар бизге санкция салып салышы мүмкүн. Анда биз кайра өзүбүздүн товарларыбызды сыртка чыгара албай калышыбыз ыктымал. Андыктан биз мындай товарларды киргизүүгө аргасызбыз. Бирок, сиз айткан маселени акырындык менен жолго сала берсе болот.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар