whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.01.2026
-12.9 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортАйбек Джунушалиев Эл аралык хоккей федерациясынын делегациясы менен жолугушту

Айбек Джунушалиев Эл аралык хоккей федерациясынын делегациясы менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Эл аралык хоккей федерациясынын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын курамында Эл аралык Олимпиада комитетинин мүчөсү Лисвадтракул Кхун Ин Патама, Словениянын хоккей федерациясынын президенти Раковец Матьяж, «Инфронт» компаниясынын башчысы Блаттер Филипп, Швециянын хоккей федерациясынын президенти Ларссон Андерс, эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Оморканов Айваз жана Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Оморканов Анвар кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар спорттун шаарды өнүктүрүүнүн элементи катары маанилүүлүгүн, ошондой эле Бишкекте 3-дивизион боюнча Дүйнө чемпиондугун ийгиликтүү уюштурууну талкуулашты.

Айбек Джунушалиев Бишкек шаарынын мэриясы биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды алдыга жылдырууга өзгөчө маани берерин белгилеп, Лисвадтракул Кхун Ин Патама айымды бул багытта биргелешип иштөөгө чакырды.

Гезит

Бактысын гүлдөн тапкан Гүлмайрам

               Каарманыбыз Гүлмайрам Карабаева эженин гүлгө болгон кызыгуусу балалыктан башталган. Ошондон тарта анын кызыгуусу өчкөн жок. Тескерисинче өсүп,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар