whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБермет НУРУБЕКОВА: “Туңгуч кыргыз басма сөзүнүн биринчи редактору Осмонкул Алиев атындагы сыйлык...

Бермет НУРУБЕКОВА: “Туңгуч кыргыз басма сөзүнүн биринчи редактору Осмонкул Алиев атындагы сыйлык уюштурулса…”

Журналистика болбосо, адамдар дүйнөдө болуп жаткан кабарларды, жаңылыктарды кайдан билишмек. Мына ошондуктан, журналистика – абдан маанилүү жана баалуу кесип.

Быйыл Кыргызстандын басма сөзүнүн башаты болгон “Кыргыз Туусу” гезити кылымдык жолду басып өтүп, доордун, жаңылыктын жарчысы болуп келатат. Тагдыр буйруп, бул гезитте иштеген күндөрүм унутулгус сыймык жана журналистиканын мектеби болду. 

Мен студент кезимде эле “Кыргыз Туусу” гезитине ишке орноштум. Журналистикадагы алгачкы сапарым мына ушундайча башталып, эң ийгиликтүү жана олуттуу күндөрүм “Кыргыз Туусу” гезитинде өтүп, чыныгы журналистиканын дүйнөсүнө аралашып, турмуштук сабак алдым.

Бизге илхам, шык-демөөр берген мугалимибиз Абдиламит Матисаков агай да учурунда “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору болгон экен. Анын журналистикадагы алгачкы кадамы ал кездеги жаштар гезити “Ленинчил жаштан” башталып, кийин 1987-жылы ал кездеги өлкөнүн башкы партиялык гезити “Советтик Кыргызстанда” уланып, 1993-жылы гезиттин башкы редактору, ортодо мамлекеттик кызматтарда иштеп, 1996-жылы кайрадан “Кыргыз Туусун” жетектеген.

Мына ушул агай практика менен айкалышкан сабактарынын аркасында “Кыргыз Туусу” гезити студенттердин арасында таанымал болуп, анда иштөө же практикадан өтүү ар бир студенттин кыялы болгон. Бирок, бул сыймык баарына арзыбаса да канчалаган студенттерге канатын жайды.

Практикага келишкен студенттер белгилүү журналисттер Төлөн Насирдинов, Бактыгүл Чотурова, Бермет Маткеримова, Жыпара Исабаева, Папан Дүйшөбаев жана башка агай-эжелерден стимул, мотивация, журналистика тууралуу кенен түшүнүк алып, шыктанып кетишээр эле. Бактыгүл эже, Бермет эже, Жыпара эже мага кеп-кеңештерин айтып турушчу. Практиканттар ушул үч кабарчынын жанында болуп, алардын берген тапшырмаларын өзгөчө кубануу менен аткарчубуз.

Маркум Турусбек Солтобаев байке менин маданият жана спорт темасында жазган макалаларымды кубаттап, ушул багытта терең билим алуумду сунуштаган. “Кыргыз Туусуна” 2010-жылы практикага келгем. Анан практикадагы мөөнөтүм бүткөнүнө карабастан чыгармачылык байланышымды үзбөй 1 жыл бою “Кыргыз Туусу” гезитине барып турдум. Редакциянын аурасы укмуштуудай өзгөчө сезим калтырып, магниттей  эле тартып турчу. Жада калса  жөн гана эшигин аттап кирүү да,  алгач штаттан тышкаркы кабарчысы болуу мен үчүн сыймык болду.

Анан мен күткөн күн да келди. Менин аракетимди гезит жетекчилиги баалап, штатка кабыл алынып, кабарчы болуп, эмгек жолумду баштадым. Ал убакта жан дүйнөм дагы аруу бойдон, бала кыял 21 жаштамын, редакция жамаатынын эң кичүүсү болдум. Ал күнү сүйүнүчтөн жандүйнөм кулпуруп, кубанычымда чек жок, эртең мененки чыккан күндөй нурдангам. Кийин сайтка дагы макалаларды жайгаштыруу  милдети мага жүктөлдү. Ошол күндөрү Журналисттер уюмуна мүчөлүккө кабыл алындым. Ошентип, кыргыз журналистикасынын төл башы, туу чокусу, бийиктиги болгон, далай атактуу калемгерлер иштеген “Кыргыз Туусунда” иштеген эң бир сонун күндөрүм, өмүрүмдүн эң баалуу учуру болду.

“Кыргыз Туусу” мен үчүн эң идеалдуу мектеп болуп, тажрыйба топтоонун, журналистиканын сырларын үйрөнүүнүн университети болду. Дасыккан журналисттердин катарында жүрүү мени ийгиликке, бийик максаттарга жетеледи. Улуулар, такшалган журналисттер менен иштөө, алардын көз-караштары, тажрыйбалары мага чоң багыт, маяк болуп, ар кыл темадагы макалаларды жазып, өзүмдүн жандүйнөмө жакын маданият менен спорт тармагын чагылдырууга басым жасай баштадым. Жыйынтыгында жаш журналист катары жолдун башында болсом да, иш-аракетимдин аркасы менен  өлкө боюнча үч жылы катары менен “жылдын мыкты спорт журналисти” наамына ээ болдум. Спорт журналистикасына болгон кызыгуумду ойготуп, бул тармакты иликтеп, изилдеп, терең билүүгө далалат кылуума “Кыргыз Туусу” себепкер болгон.

Менин пикиримде, журналисттер коомдо пикир жараткан лидер жана интеллигент катары тарбияланышы керек болсо, мен үчүн анын мектеби жана академиясы “Кыргыз Туусу” боло алды.

Кыргыз басма сөзүнүн тарыхына кызыгып көрдүм. Кыргыздын алгачкы гезитине  “Эркин Тоо” деген атты Ишеналы Арабаев койгон экен. Ошол учурдагы кыргыздын мекенчил инсандары Ишеналы Арабаев, Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев, Мустапа Акматов деген мекенчил инсандар ушул алгачкы гезитти чыгарышкан. Туңгуч гезитти тууруна кондурган алгачкы редактор Осмонкул Алиев абдан уюштургуч, мекенчил киши болгон тура. Ал кезде редакторлор бат-бат эле алмашылып турган. Алардын негизги иштери башка жерде болгон. Партиялык, комсомолдук, советтик кызматкерлер болушкан. Ошол эле кезде башкы редактор да болушкан коомдук жана мамлекеттик ишмерлер Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Калим Рахматуллин, Аалы Токомбаев, Мукамбет Дөгдүров, Турдакун Усубалиев, Насырынбек Жаналиев, Жаныбек Турсунов, Тилектеш Ишемкулов жана башка аталардын ысымдарын сыймык менен атап жүрөбүз.

Кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон мекенчил Осмонкул Алиев 1924-жылы Бүткүл россиялык коммунисттик жаштар союзунун Кыргыз облустук комитетинин биринчи катчысы болуу менен ал кездеги облустук партиялык жетекчилердин сунушу менен жаңы чыкчу “Эркин Тоо” гезитине редакторлукка дайындалып, бул иште эки жыл, андан соң жаңы чыккан “Коммунист” журналына редакторлукка дайындалган экен.

Кыргыздын жалпы улуттук тун гезитинин редактору О.Алиев басылмага жалаң партиялык же чарбалык темадагы гана материалдарды жарыялабастан, элибиздин билим деңгээлин көтөрүү, мекенчилдик сезимин ойготуу максатында маданий, агартуучулук багытты көздөгөн макалаларга арбын орун берип турган. Гезит алгачкы жылдары нукура элдик басылма катары чыгып, коомчулукка тааныла баштаган.

О.Алиев кийин Москвага барып коммунисттик университеттен билим алып келип, 1930-31-жылдары Кыргызстандын эл агартуу комиссары болуп, өлкөнүн Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинде да иштеген.

Бул кишинин болгон күнөөсү – Жусуп Абдрахмановдун шакирттеринин бири болгону, жанында жүргөнү болгон тура. Ага «Социал-Туран партиясына мүчө болгон» деген айып менен  жалган жалаа тагылган. 1938-жылы Бишкекте атууга кесилип, сөөгү Чоң-Ташка жашырылганы кийин гана анык болуп, 1991-жылы июлда табылган 137 кыраандын катарында ошол жылы 30-августта “Ата-Бейитке” сөөгү коюлуп, дайыны такталган.

Улуттук туңгуч гезит – мурдагы «Эркин Тоо», учурдагы «Кыргыз Туусу» убагында улуттук маанидеги вазийпаны аткарган, азыр да аткарып жатат.

Мен андан кийинки гезит жүгүн, түйшүгүн көтөргөн редакторлор, журналисттер тууралуу айта берсем узун сабак аңгеме болоор. Аты айтылбай калгандардан, макалам чакан болгондуктан алдын ала кечирим сурайм.

Убакыт зымырап, андан бери 10  жылдан ашуун убакыт өтсө да “Кыргыз Туусу” гезити жүрөгүмдө жылуулук сезим калтырып, кыз катары редакцияны “төркүнүм” деп сезем. Эртеңки күнүбүз кечээги кадамдарыбыздан түптөлөт эмеспи. Мындан аркы журналистикадагы жолумда кандай гана ийгиликтер болбосун, анын башаты “Кыргыз Туусу” гезити экенин жар салып, акжолтой жамаат деп, ар дайым унутпайм.

Учурда тагдырдын буйругу менен алыста жүрсөм да, ар күнүм “Кыргыз Туусу” гезитинин сайтын ачуу менен, андагы жаңылыктарды, макалаларды окуу менен башталат. “Кыргыз Туусунда” өткөн жаштык күндөрүмдү сагынам. Калыстыгынан жазбай, журналистиканын оор жүгүн, “Кыргыз Туусунун” түмөн түйшүгүн көтөрүп, ушул гезитке тагдырын арнаган, бардык кызматтык тепкичтерди басып өтүп, кыйын кырдаал болсо дагы майышпай учурда башкы редакторлук кызматты аркалап келаткан Мырзакат Тыналиев агай баштаган жамаатты 100 жылдык мааракеси менен куттуктайм.

Дагы бир демилге көтөрүп, жакшы сунуш айтсам деп турам. Кыргызстандын журналисттери үчүн мамлекеттик деңгээлде «Кыргыз Туусунун» алгачкы редактору Осмонкул Алиев атындагы сыйлык уюштурулса. Артында тукум калбагандыктан ысымын түбөлүккө калтыруу максатында ушундай иш-чара 100 жылдык мааракеде айтылып, жыл сайын бир журналистке берилсе дейм.

Кылым карыткан гезиттин жамаатынын калеми курчуп, окурмандары көбөйүп, дүйнөгө өлкөбүздү тааныта берсин. Атына заты жарашкан “Кыргыз Туусу” гезити өлкөбүздүн журналистикасынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана басма сөздүн ТУУСУ болуп, дагы кылымдарды карытып, миң жыл жашасын!

Мага ийгилик тартуулап, журналистикадагы баштапкы эмгек жолумду ачкан, чыгармачылыгыма булак болуп берген, акжолтой “Кыргыз Туусу” гезитинин 100 жылдык мааракеси куттуу болсун. Чогуу иштешкен редакциянын жамаатын сагынуу менен деңиздин жанынан жалындуу салам жолдойм.

Мааракеңиздер кут болсун!

Бермет НУРУБЕКОВА (НУР),
КР Журналисттер союзунун мүчөсү,
Стамбул шаары

Гезит

Рубрикалар

1 ПИКИР

  1. Бермет абдан жакшы сунуш-пикирлерди айтыптыр. «Кыргыз Туусу» гезитинин алгачкы редактору Осмонкул Алиевдин кыргыздын журналистикасындагы жана биринчи басма сөзүн уюштуруудагы салымы тоодой. Тилекке каршы, анын эмгеги учурунда бааланган эмес. Ошондуктан Кыргыз өкмөтү, КР журналисттер союзу жана «Кыргыз Туусу» гезитинин жамааты биргеликте Осмонкул Алиев атындагы сыйлык уюштуруп, ар жылы татыктуу журналистке салтанаттуу кырдаалда тапшырып турса, журналистиканын деңгээли өсүп, кадыр-баркы жогорулап, Осмонкул Алиевдин ысымы дагы түбөлүккө унутулбайт эле. «Кыргыз Туусу» туңгуч гезитибиздин 100 жылдык мааракесинин мааниси да артат болчу. Бермет калемиң курчуй берсин, алыста аман-эсен жүрүп, эл достугуна көпүрө болуп, журналисттик кесибиңдин үзүрүн көр!

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар