whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.03.2025
2 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомПавел НАЗАРОВ: “Борбор Азиядан качуу”

Павел НАЗАРОВ: “Борбор Азиядан качуу”

(Башталышы өткөн санда)

Чай ичип, сыртка чыкканымда, ал эки аял бетме-бет отурушуптур. Алардын алдында митингде сүйлөп жаткан оратордун позасында, эки тапанча тагынган, кара кайыш кийимчен комиссар турду, көрсө ал ак жоолукчан аялдын күйөөсү экен. Өзүнүн позасынан жазбаган ал, эки аялга коммунисттик системанын этикасын сактоолору керектигин, өздөрүнүн жагымсыз жүрүм-турумдары менен алар анын коммунист, комиссар жана жергиликтүү милициянын башчысы катары аброюн түшүрүп жатышкандыктарын өтө эле чечендик менен түшүндүрүп жатты. Ал коммунисттер бириктирип турган коомдо, кызганыч сыяктуу жийиркеничтүү сезимдерге орун жок дейт. Кызганыч! Эмне болгон буржуазиялык шумдук! Абдан жаман! Мындай үрөй учурган иш үчүн экөөнү тең атып салыш керек эле, бирок ал пролетариаттын чыныгы ак жүрөк уулу катары пейилин кенен салып, аларды кечирмей болду. Жергиликтүү милициянын башчысынын чечен тили, көрүнүп тургандай, күндөштөргө катуу таасир берди окшойт, кечинде үчөөнүн тепкичте чемичке чагып жай сүйлөшүп отурганын көрдүм.

Андан кийин мен шаарды кыдырып, көрүп чыгууну чечтим. Мурда соода кызуу жүргөн, гүлдөп турган Пишпек азыр өлүү шаарга айланган. Базар ээн калган, дүкөндөр жабылып, терезелери калкаланып коюлган. Адамдардын жүзүндө кусалык, муңайгандык, коркунуч жана басынгандык. Мен эч жерден ким бирөөнүн ырдаганын же жылмайган бирди-жарым адамды көрбөдүм. Орустар эле эмес, кыргыздар, сарттар, дунгандар баары эле кабак-кашы салыңкы, томсоруңку. Пролетариаттын диктатурасы, бул алыскы, бирок берекелүү провинцияга өз изин калтырыптыр: анткени бул жерде, аз сандагы солдаттарды жана чиновниктерди эске албаганда, ар биринин жери, ар бир мещаниндин үйү, бак-шагы,  ар бир айыл жашоочусунун өзүнүн үйү жана чарбасы бар эле. Мында революциянын алдында, бир пуд буудай он тыйын77 турчу, балды дыйкандардын арабаларынын дөңгөлөгүн майлоо үчүн колдонушчу, анткени балдын фунту жети тыйын болчу, ал эми дөңгөлөктүн өзүнүн майы эки эсе жогору эле. Бул жерде кыргыздар он миңдеп жылкы айдап, жүз миңдеп кой-эчки күтүшчү, жакырлар өздөрүнүн аты менен айыл кыдырып кайыр сурап жүрүшкөндөрү да чындык.

Бул жерде коммунисттик бейиштин куруучулары Түркестандын башка шаарларынан келишкендер, же болбосо жергиликтүү кылмышкерлер эле.

Дубалдарга илинген же кур дүкөндөрдүн терезесине тартылган чоң плакаттар эмгекчилер массасына дүйнөлүк революция-нын жеңиштери тууралуу баяндайт: чоң сүрөттөрдө дүйнөнүн картасы тартылса, андагы кызыл белгилер, революция болгон жерлерди кабарлайт. Кызыл белгилер менен – Россия, Германия, Венгрия, кочкул-кызыл менен – Франция, Англия, Италия белгиленген. Ирландия, Афганистан, Египет жана Индия алоолонгон кызыл чокто калган. АКШ мала кызыл, Жаңы Зеландия, Австралия да кызыл менен белгиленген. Бир гана деңиздер менен океандар ак бойдон калыптыр.

Мен нан сатып алсам деген ниетте, бош базарды аралап баратып, күтүүсүздөн аскердик музыканын үнүн уктум. Бурч жактан кызыл желек көтөргөндөр көрүндү. Мен сактанып, жабык турган дүкөндүн артына өтүп, ал жактан болуп жаткан окуяга байкоо салып турдум. Адаттагыдай алдыда балдар, аларды ээрчиген жан-жактарында иттер, артынан кызыл байрак көтөргөн коммунисттер, алардын арасынан Ташкенттеги техникалык мектептин директору болуп жүргөн, уурдагандыгы үчүн иштен бошотулган, эми болсо “империялык режимдин курмандыгы” болуп алган  Александровичти даана тааныдым, андан ары кызыл армиянын солдаттары жана “Интернационалды” чала-була ойногон оркестр келе жатты.

Алардын артында эски замбиректи жана эки пулеметту сүйрөп алышкан. Аларга кызыл атчандардын отряды кошулду. Айылдыктар, көчөдөгүлөр жана шаардыктар, “дүйнөдөгү эң эркин өлкөдөгүлөр”, терезелерден жана үйлөрүнүн эшиктеринен бул демонстрацияны карап турушту.

Мен келгенден кийинки экинчи күнү, көз байланып калганда токтогон үйдөн алыс эмес жердеги тротуарга чыгып, күтүүсүздөн көп сандаган шам чырактын терезеден тийген жарыгынан, ал учурда комиссарларга гана тиешелүү болгон кооздуктардын арасынан, дагы бир тааныш өңдү көрө калдым. Бул Ташкенттен келген комиссар Гриневич болчу. Ал согуш учурунда немис шпиону эле, бирок азыр Пролетардык университеттин курамында ЧКнын кызматкери болуп алыптыр. Гриневич мени абдан жакшы таанычу жана мага мындай коркунучтуу кошуналыктан эртерээк качышым зарыл эле.

Кийинки күнү Пишпекке мурдараак Ташкенттен келген таанышыма жөнөдүм. Анын үйү шаардын четинде эле, бийик, кээ бир жерде адамдын боюнан ашкан чөп Чүй дарыясы жакын экенин билдирип турду.

Чүй өрөөнүнүн саздарында жана көлдөрүндө көп сандаган өрдөктөр болор эле, ал эми камыштардын арасында кыргоолдор быкпырдай кайнайт. Ар бир таңда дайыма чоң-чоң тоодактар тобу менен бир багытты көздөй учуп чыгышчу, а күзүндө бул жерде көп сандаган кичине тоодактар – стрепеттер (Microtys tetax), кызыктуу аңчылык канаттуулары пайда болчу.

Ушул жерде кыргоолго аңчылык кылып жүрүп, биздин атактуу изилдөөчүбүз Н.М.Пржевальский мындагы чийки суудан ичип алып, ооруп калган жана Ысык-Көлдүн жээгинде каза болгон.

Кытайлар Чүй78 дарыясы деп атаган, бул өрөөн адаттан тышкары бышыкчылыктуу келет. Азыр бул жерде түрдүү ажайып жашылчаларды, абдан чоң картөшкөлөрдү өстүрүшөт.

Жети-Суунун климаты Ташкенттей анча ысык эмес, кышы узун, кар жыл сайын жаап бир ай же андан көп жатат. Жазында жамгыр мол жаайт, жайы дагы Ташкенттей узун эмес, бирок кургак болгондуктан, көпчүлүк айыл чарбасында жана бакчачылыкта сугатты талап кылат.

Бул жакта пахта айдашпайт, бирок  бул жерлер дан өсүмдүктөрү жана жүзүм өстүрүү үчүн абдан жарактуу, өзгөчө өрөөндүн ташы аз кыртыштарында түшүм жакшы болот. Жергиликтүү жүзүмдөн жасалган вино, Ташкенттегидей күчтүү эмес, жеңил жана дасторкондун көркүн ачат. Менин жакшы досум А.Н.Иванов Франциядагы вино чыгарууну изилдеп чыгып, Пишпектен алыс эмес жерге эң сонун жүзүмзар жасаган. Ал бул ишке чоң каражат салган эле, бирок 1919-жылдын январында большевиктер тарабынан “буржуй”, эмгекчи элди эзген эксплуататор катары атылып кетти.

Тоо тарабында жана өрөөндүн кокту-колотторунда алма, алмурут, түндүк жактан соккон шамалдан далдараак жерлеринде өрүк, шабдаалы жакшы өсөт. Бул жерде Ташкенттегидей коон жок, бирок жыты, даамы, шириндиги боюнча Чүйдүн коондору алардан кем калышпайт. Дарбыздар адаттан тыш аябай чоң бышат, кийин биз көргөндөй алар бул бышыкчылыктуу жердеги жакырчылыктын булагы болуп каларын ким билиптир. Тоо жерлеринде айдалган тамеки жакшы жыйынтыктарды берет, Жети-Суунун тамеки жалбырагы Крым сортунан кем калбайт. Жети-Суунун апийими Кашкарда катуу бааланат. Кенен жаратылыш бул өлкөдөн жапайы өсүмдүктөрдүн көптөгөн бай түрлөрүн аяган эмес.

Мен Пишпекти калтырып Верныйга жөнөп кеттим, мага берилген  расмий сунуштар ишке жарап, мен үчүн мекемелердин биринен жумуш табылып калып, мени Чүй суусу боюнча “гидротехникалык изилдөө” жүргүзүү үчүн командировкага жөнөтүп жиберишти. Мага ары-бери жүрүү үчүн арабакечи менен кош ат чегилген араба беришти. Бул жакшы иш эле, анткени эркин жана өзүм жакшы көргөн жаратылыштын койнунда жүрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатпайбы.

XII БАП

Жети-Суу боюнча

Менин биринчи экспедициям Чүй суусунун токойлуу тоолору жана анын куймасы Кемин болчу. Биз шаардан чыгып, чыгышка багыт алганда сентябрь айынын сонун күндөрүнүн бири эле. Аттар жаңы, тегиз жолдо желип-жортуп күүлү баратышты, үстү ачык араба жеңил зыпылдайт. Өзүмө күч-кайрат кошулганын сезип, мен үчүн дээрлик жаңы болгон айлана-тегерекке көз чаптырам. Сол жакта калың чөп-бадал өскөн Чүй дарыясы, оң тарапта таңкы таза абада чайыттай ачык көрүнгөн, асман тиреген тоолор. Ак мөңгүлөр күмүштөй жаркырап, табышмактуу көптөгөн ийри-буйру күңүрт капчыгайлар менен тепчилген. Ылай жолдор менен жүрүп отуруп бир нече орус айылдарынан кийин биз дөбө жерде жайгашкан байыркы Баласагун79 шаарынын урандыларына жеттик.

Кургак жана түшүм бербеген жерде бир кезде үйлөр турган көчөлөрдүн, ирригация-лык каналдардын, кайсы бир чоң курулуштун издери даана байкалат. Шаардын дубалдарынын калдыктары, мунара жана дарбазага чейин даана бөлүнүп турат. Орто кылымда бул көп эл жашаган жана гүлдөгөн, бак-шагы, кооз имараттары арбын, алыскы Батыш Европа, жакынкы Кытай менен соода жүргүзгөн шаар болгон.

Анын кампалары ар түрдүү товарлар, керемет кол өнөрчүлүк буюмдары, Чыгыштын кооз жасалгалары жана башка байлыктар менен толуп турчу. Бирок XII кылымда узакка созулган жана көшөргөн курчоолордон кийин шаар бул жакка чыгыштан келген кара кытайлар80 тарабынан басылып алынып, тоноого кабылган. Баласагун шаарынын кырк миңден ашуун жашоочулары,  балдар жана аялдары менен көчөлөрдө кыргынга учураган.  Кан суудай агып, бир кезде гүлдөп турган Баласагун шаары бейитке жана чөлгө айланган. Анын урандылары 800 жылдан бери бай жана бышыкчылыктуу өлкөнүн борборунда жатат. Урандылардан көп учурда, айрыкча катуу жаандан кийин кызыктуу нерселерди: байыркы буюмдарды, кымбат баалуу жасалгаларды, нукура искусство чыгармаларын табышат.  Бактыга жараша шаардын ордундагы бозоргон кургак дөңсөөлөр, орус дыйкандарынын каракчылыгынан жана анык тоноочулар – коммунисттердин  ач көздүгүнөн, мындагы археологиялык байлыктарды кийинки изилдөөлөр үчүн кызганыч менен сактап келет.

Жети-Суунун бул бөлүгү байыркынын калдыктарына бай: коргондор, байыркы курулуштар жана дубалдар – бул  бышыкчылыктуу жана кооз жерди эң байыркы мезгилдерден бери эле отурукташкан элдер өздөштүрүп келишкендигинин күбөсү.

Байыркы диний реликвиянын формаларынын бири – оссуарийлер. Бул туурасы 30-45 см, узуну 60-75 см келген, жабылган капкагы бар, бышырылган кирпичтен салынган, узун ящиктер. Каптал жактары адатта абдан жөнөкөй оюулар менен шөкөттөлгөн, кээде адамдын, канаттуунун, айбандын сүрөтү түшүрүлгөн. Ичинен дайыма адамдын сөөктөрүн табышат, башка эч нерсе коюлбайт, сөөктөр абсолюттук түрдө таптаза, дененин чириген издери жок.  Кээде сөөктөр кызыл өңгө боёлгон. Оссуарийлерде  эч кандай жазуу кездешпейт.

Мындай ойго келбеген сөөк коюуну колдонушкан бул адамдар ким болушкан жана алар качан жашашкан? Бул өңдүү таңгаларлык сөөк урналары отурукташкан эл жашаган Түркестандын бардык жерлеринде кезигет жана ал тууралуу ар түрдүү эпостордо айтылат.

Сейрек учурларда, айрым капкактарында несториан кресттери тартылган. Мындай урналардын колдонулуш максаты тууралуу көптөгөн жана анча болбосо дагы ой-жүгүртүүлөр жашап келет. Менин оюмча, оссуарийдин  табышмагы мында, адамда өзүнүн сөөгү өз үйүндө калышын тилеген жашырын каалоосу дайыма болгон. Бүгүнкү күндө да Борбор Азияда алыста каза болгон бай жана кызматы өткөн адамдардын сөөгүн туулган жерине алып келип койгон салт жашап келет. Белгилүү натуралист, азыр маркум Н.А.Зарудный бир ирет мага, Кызыл-Кум чөлүндө эки кыргызга жолукканын айтып берген. Алар дененин этин шылып салып, сөөгүн алып кетүү аракетин көрүп жаткан болот. Кыргыздар ага мусулманчылыкка чейинки убакытта сыртта каза болгондордун сөөгүн ушундай жол менен коюу салты болгонун айтып беришкен, оссуарийлерге окшогон мындай көрүнүш  алардын өлкөсүндө кеңири жайылган.

Андан кийин мен чоң жана гүлдөгөн Ивановка орус айылына жөнөп, ал жерде тамактанып, аттарды эс алдырып алууну каааладым. Бул жерден мен жалпы көңүл ачып жаткан адамдардын маанайын көрүп таң калдым. Аялдар, эркектер кол кармашып алып көчөдө сайрандап жүрүшөт, бардык тараптан жапайы ыр угулат, бул жерде, анда кыйшаңдап баскан мас адамдар жүрүшөт. Кээ бирлери арыктын жээгинде тынч уктап жатышса, айрымдары түшүп кеткен арыктан эптеп чыгышып, кийимдери өтмө катар суу, башынан аягына чейин ылай-топурак болушуп, дубалга жабышып, мастыктан чайпалышат, айтор, бардыгынын башы жайында эмес эле.

77 10 тыйын ал учурда 2,5 доллар эле (Павел Назаров белг.)
78 Б.М. Юнусалиев (1956) Чүй топоними кыргыздар тарабынан Алтайдан алынып келинген.
79  Баласагун – азыркы Кыргызстандын аймагындагы, Токмок шаарына жакын орто кылымдагы шаар. Назаров археологдор тарабынан орто кылымдагы Невакет шаарына окшоштурулган Краснореченскидеги шаар тууралуу жазып жатат.
80 Кара кытайлар жана кара кидандар – көчмөн монголдорго жакын кидандар уруусу, Ляю мамлекетин чжурчжендер талкалагандан кийин 1125-жылы Борбор Азияга көчүп келишкен.

(Уландысы бар)

Которгон: Элмира ЖУМАЛИЕВА

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар