whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТүрк мамлекеттер уюмунун Ички иштер министрлер кеңешинин отуруму өтүүдө

Түрк мамлекеттер уюмунун Ички иштер министрлер кеңешинин отуруму өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун Ички иштер министрлер кеңешинин биринчи отуруму өтүүдө.

Отурумга Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков, Азербайжандын ички иштер министри Вилаят Эйвазов, Казакстандын ички иштер министри Эржан Саденов, Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая, Өзбекстандын ички иштер министри Пулат Бобожонов жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышууда.

Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө, бир катар маселелерди көтөрдү.

«Азыркы тапта мыйзамсыз аткезчилик, кибер кылмыштуулук жана терроризм жалпы дүйнөнү кооптондурган көйгөй болууда. Ушул себептен Түрк мамлекеттер уюмунун ички иштер министрлери бул багытта биргеликте иш алып баруу маанилүү экенин белгилешти», — деди ал.

Уюмдун негизги максаты — кылмыштуулукка каршы күрөшүү, эл аралык кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар