whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарАзиз МАНАПОВ: «Айыл аймактын киреше бөлүгү 113,7%га аткарылды»

Азиз МАНАПОВ: «Айыл аймактын киреше бөлүгү 113,7%га аткарылды»

   Президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын шаарлары менен айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык аймактык реформаны  жүзөгө  ашыруу жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, башкаруунун жаңы системасын түзүү боюнча милдеттерди чечүүгө багытталган иштер соңуна ийгиликтүү чыкты десек жаңылышпайбыз.
Административдик-аймактык реформанын негизги максаты региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарда жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкарууда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубаттуулугун камсыздоо болуп саналат.
Учурда, Сары-Өзөн Чүйдө айыл аймактарын ирилештирүү жана кайрадан каттоодон өткөрүү иштери аяктады. Алып айтсак, Жайыл районунда Сосновка, Сары-Булак, Моңолдор, Бөксө-Жол, Кайырма, Бекитай – алты  айыл биригип, Талды-Булак айыл аймагы түзүлдү. Калкынын саны – 11017.
Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Азиз Манапов аймактын бардык тармактарында өнүгүүлөр болгонун, анын натыйжасында аймактын киреше бөлүгү 113,7%га аткарылганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

Реформанын жыйынтыктары

– Реформанын алкагында бириккен 3 айыл өкмөтү боюнча жалпы 18 муниципалдык кызматкер кыскарып, анын ичинен 11и кызмат менен камсыз болду, ТОП жана МОП ичинен 6 кызматкер кыскарып, 3 кызматкер калды. Кыскартууга кабылган кызматкерлерге мыйзам боюнча жөлөк пулдар берилди. Бүгүнкү күндө айыл аймагынын муниципалдык кызматкерлеринин саны – 12, ТОП/МОП-4, контракт менен иштегендер – 6, айылдык депутаттардын саны – 33.

Билим берүү

– Талды-Булак айыл аймагында 4 мектеп бар, анда 2221 окуучу окуйт, 140 мугалим эмгектенет, 5 бала-бакчада 350 бала тар-бияланат жана 20 тарбиячы иштейт.

Сосновка орто мектебинин санитардык курулмаларын АРИСтин колдоосу менен ремонттон өткөрүп, бүгүнкү күндө иштери толук бүттү.

Бөксө-Жол орто мектебинин сырткы темир тосмосун оңдоо, (түрткү берүүчү грант – 1121,9 миң сом, ЖБ-280,5 миң сом). Бүгүнкү күндө темир тосмону орнотуу иштери бүттү.

Жайыл райондук өнүктүрүү фонду аркылуу  Моңолдор айылындагы башталгыч орто мектептин имаратын ремонттоо – (жалпы 1949,0 миң сом, анын ичинен ЖРөФ – 1656,2 миң. сом, ЖБ-292,8 миң сом). Бүгүнкү күндө ремонт иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү бюджеттен билим берүүгө каржыланды: ДОУ 500 Билим берүү Министрлигинин программасы боюнча Боксо-Жол айылындагы “Кыялкеч” бала-бакчасынын санитардык системасын ондоо- ремонт иштери бүттү.

Бекитай орто мектебинин имаратынын ички кабинеттерин ондоо. (ЖБ-847,7 миң сом). Бүгүнкү күндө майлап-сырдоо иштери 90% бүттү жана да мектептин ичине вентиляция орнотуу үчүн 300,0 миңге келишим түзүлдү, бул иштер мектептин ремонту менен чогуу
бүтөт.

Сосновка орто мектебинин сырткы бетине текстура чачылды.  Мугалимдердин айлык маянасы, социалдык төлөмдөрү республикалык бюджеттен, ал эми  башка чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Мисалы, мугалимдердин жол кире чыгымына, Бөксө-Жол орто мектебине чарбалык керектүү буюмдарды жана проектор сатып алуусуна, канцелярдык буюмдарга акчалай каражаттар сарпталды.

Сары-Булак орто мектебин перепрофилировка изилдөөгө, эксперт Хашимовго, окуучулардын “күндөлүк” сатып алуусуна, маршрутка айдоочусунун эмгек маянасына, маршруткага запастык бөлүктөрдү сатып алуусуна, мектептин ашканасын перепрофилировка кылуу чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Ал эми, Сары-Булак, Сосновка, Бекитай орто мектептеринин 5 мугалими Ысык-Көл облусуна мугалимдер арасында өтүүчү “Ден-соолук” спартакиадасына катышуусуна жол киреге жана Бөксө-Жол,  Сосновка орто мектептеринин окуучуларынын “Алтын балалык” пасионатына баруусуна жергиликтүү бюджеттен акчалай каражаттар берилди.

Жалпы билим берүү тармагына 560,8 миң сом акчалай  каражаты чыгымдалды.

Тарбия бала-бакчадан башталат

– Айыл аймагында 4 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар, анда 350 бала тарбияланат, 20 тарбиячы эмгектенет. Бала-бакча кызматкерлеринин айлык маянасы, социалдык төлөмдөрү республикалык бюджеттен, ал эми  башка чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

Мисалы, кызматкерлердин (медициналык кызматкердин) жол кире чыгымына
2,0 миң сом;

– Сары-Булак бала-бакчасынын ремонт иштерине 59,5 миң сом, канц.товарына – 21,0 миң сом, ноутбук, түстүү принтер, музыкалык колонка сатып алуусуна – 85,0 миң сом;

– Сосновка ДДУ “Колосок” бала-бакчасынын ремонт иштерине – 50,8 миң сом, канц. чарбалык товарларына – 36,0 миң сом, постелдик комплект алуусуна – 22,0 миң сом;

– Моңолдор бала-бакчасына постелдик комплект сатып алуусуна – 52,0 миң сом;

Жалпы бала бакчага 2024-жылдын 6 айында  чыгым – 859,4 миң. сомду түздү.

Саламаттык сактоо

– Талды-Булак айыл аймагында №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер имараты жана 5 ФАП жайгашкан штаттык тизиминде жалпы 22 дарыгерлер эмгектенет.

Аларга моралдык жана материалдык жактан жардам берүү максатында Медицина кызматкерлеринин жана медайымдардын жалпы кесиптик майрам күнүнө карата, Сосновка айылындагы 13-ҮТД ичиндеги тиш догдур кабинетине эмерек алуу, Бекитай, Кайырма, Бөксө-Жол айылындагы ФАПтардын ремонту жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Маданият жана спорт

– Талды-Булак айыл аймагында бир маданият үйү, 2 клуб,  4 китепкана бар. Ошондой эле, жаштар үчүн 4 кичи-футбол талаасы жана эки спорткомплекси калк үчүн кызмат кылат. Маданият үйүндө “Ак элечек айымдар” фольклордук тобу, спорттук культуризм менен машыккан ийрим, жаш бийчилер жана комузчулар ийримдери иштеп келет.

Үстүбүздөгү жылы маданият тармагына айлык маянасына жана  социалдык төлөмдөргө, ар-кандай майрамдык иш-чараларды   өткөрүүгө, республикалык масштабдагы “Кымыз Фест” теледолбооруна
даярданууга жана катышууга, “Энелер күнү” майрамына, “25-май Акыркы конгуроого”, “шаркыратма” туристтик сезон ачылышына, китепканачылардын кесиптик майрамына, аялдардын “Энелер күнүнө” карата Бишкек шаарына аялдар  конференциясына катышуусуна, алты айылдын жаштарынын райондук футбол жана волейбол боюнча спартакиадасына, Кайырма айылынын бокс боюнча машыккан жаштарына спорттук эпикировкага,  жалпысынан алганда жергиликтүү бюджеттен       Маданият жана спорт тармагына жалпы 1 млн. 458,9 миң.сом акчалай каражаты жумшалды.

Социалдык саясат

– Айыл аймагы боюнча 119 аз камсыз болгон үй-бүлө жашайт. “Үй бүлөгө көмөк” жөлөк пулун 58 жаран алат, 2 турмуштук оор кырдаалга туш болгон үй-бүлө бар. Мигрант үй-бүлөлөр – 44.

2024-жылдын 6 айында аз камсыз жана арыз менен кайрылган үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 100,2 миң. сом акчалай каражат менен жардам берилди.

Айыл чарбасы жана мал чарбачылыгы

– Талды-Булак айыл аймагында, жалпы аянты – 10299га айыл чарба жерлери бар, анын ичинен айдоо жерлери – 10278, сугат жерлери – 7478, кайрак жерлери – 2800. Жайыт жерлери – 15626.

Суу ресурстары: 11 кудук бар. Сугат суу менен камсыздыгы – 90%.

Мал чарбасы: уй – 6087, жылкы –1988, кой, эчкилер  – 11680, үй канаттуулары – 8373.

Инфраструктура: республикалык маанидеги жолдор  – 18 км. Жергиликтүү маанидеги жолдор–  62 км.

Жарандардын кайрылуулары – 39.

Айыл аймактын киреше бөлүгү – 113,7%га аткарылды

– Бекитилген план – 11758,0 миң.сом. Аткарылышы – 13369,4 миң сом же 113,7 % бюджетке кошумча 1611,4 миң.сом пландан тышкары түштү. Айыл  өкмөтү боюнча мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун ФПС (ижара акысы) 535,1 миң сомго  аткарылган жок, башка салыктын түрүнөн бардыгы пландан  ашык  аткарылды.

Инвестиция

– Инвестиция тартуу жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү планын аткарууга кеткен чыгымдар: 2024-жылдын 6 айында  айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында  бекитилген  инвестициялык долбоорлорду аткаруу боюнча максаттуу түрдөгү иштер уланып, жалпы 6 ай ичинде 13 млн. 499 миң сомго инвестиция тартылып төмөнкү иштер аткарылды;

– Сосновка айыл аймагындагы “Таш” каналына 816 метр жерге сугат суусун алуучу арыктарга бетон лотокторду орнотуу. (РБ-түрткү берүүчү грант 2,0 млн. 70 миң.сом, ЖБ – 517,6 миң.сом. Жумуш жасоого тендер 2 жолу берилип, экинчисинде тендер өтүп азыр баалоо иштери жүрүүдө);

“Таш” каналынын 816 метр жерине бетон лоток орнотууга Чүй облустук өнүктүрүү фондунан жалпы суммасы 2587,0 миң сомго каржылоо былтыр күзүндө башталып, бүгүнкү күндө лоток орнотуу жумуштары 99% аткарылды.

Таштанды чогултуучу 1 даана автомашина сатып алуу – бардыгы 4,0 млн.сом, анын ичинен ЖБ-2,0 млн.сом. Жайыл райондук өнүктүрүү фондунан – 2 млн.сом каралып, азыркы күндө тендер өтүп келишим түзүлүп, техника келүүсү күтүлүүдө.

Таза суу менен камсыздоо

– АРИС  “Таза Суу” долбоору аркылуу Сосновка айылына, жалпы сметалык баасы 138,0 млн.сомго, Боксо-Жол, Бекитай,

Кайырма айылдарына 64,8 млн.сомго таза суу киргизүү боюнча бүгүнкү күндө иштер жүрүүдө;

– Айыл аймагындагы Набережный көчөсүн жана дачада жашаган адамдарды таза жана сугат суусун сугат убагында үзгүлтүксүз жеткирүү максатында, жергиликтүү бюджеттин акча каражатына  — 600,0 миң сомго, суу жеп кеткен  (авариялык) жери ондолуп берилди.

Таза суу жана сугат суусуна, ар кандай оңдоолор жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Тармактардан сырткары каржылоолор

Айыл аймагында жергиликтүү бюджеттен да 2810,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн төмөнкү иштер аткарылды:

– Моңолдор айылындагы “Кызыл-Кыя” каналынын 600 метр жерин бетондоп оңдоого (ЖБ-539,3 миң сом), жумушу бүтүп  Моңолдор айылынын эли бүгүнкү күндө толук сугат
суусу менен камсыз болду;

– “Таза суу” долбоору жүрүп жаткан убакта айылдын ичинде көчөлөр казылып ички жолдор бузулду, ошондуктан жол коопсуздугун сактоо максатында убактылуу болсо да грейдер менен Моңолдор, Сосновка айылынын ички көчөлөрүнүн жана дыйкандардын Сары-Коо аймагындагы 20 км жолу түздөлүп,  жергиликтүү бюджеттен 300,0 миң сом акча каражаты жумшалды;

– Ал эми, Бекитай, Боксо-Жол айылындагы ички ирригациялык арыктарды ондоп-тазалоого ЖБ-389,7 миң сом каралып , бүгүнкү күндө тазалоо иштери жүрүүдө;

– “Жашыл мурас” программасын ишке ашыруу максатында Кайырма айылына парк уюштурулду жана  жалпы 2500 даана жаш көчөт отургузулду, сатып алуу чыгымдарына ЖБ-130,0 миң. сом акча каражаты жумшалды;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын Бекитай, Сосновка жана Моңолдор айылындагы эстеликтерин оңдоого жалпы 58,0 миң сом акча каражаты сарпталды;

– Сметчик, технадзор чыгымдарына 74,3 миң сом;

– Айыл өкмөтүнүн сырткы фасадын ондоого материал алууга 50,0 миң сом;

– Сары-Булак айылында мүрзөнүн жанындагы бетон трубаны орнотууга, экскаватор жана автокран чыгымдары, Кайырма айылындагы паркка арык казып, столба орнотуу жумуштары жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

«Жашыл мурас»улуттук өнөктүгү биздин аймакта

– Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталганы, биздин айыл аймакта дагы иш кызуу жүрүүдө;

– Үстүбүздөгү жылы 3 муниципалдык ишкана бириктирилип, “Таза Сосновка”   муниципалдык ишканасы иштеп баштады. Азыркы күндө ишкананын карамагында  2 экскаватор, 1 камаз,1 Хово, 1 портер, 1 спринтер жана 1 жүктөгүч бар;

– Айыл ичин көрктөндүрүү-жашылдан­дыруу боюнча айыл ичинен 100 тоннадан ашык таштанды “Поповая балка” участогундагы таштанды жайга чыгарылган жана таштанды жайдын тегереги бульдозер менен түртүлүп тазаланган;

– Первомайский көчөсүндөгү  200 даана бак-дарак акталып, 6 даана баннер көчөлөргө тагылган;

– Жергиликтүү бюджеттен бул иштер каржыланып, убактылуу учетто турган жумушсуз адамдарга төлөө акысы 83,1 миң сомду түздү;

– ”Ураган” дарысын сатып алууга, краска, цемент, кол кап, чөп чабуучу косилка, акиташ, таштанды салына турган каптар сатылып алынды.

Алдыга койгон максаттар жана иш-пландар

– Сосновка айылындагы бетон лоток орнотуу иштерин бүтүрүү, (дем берүүчү гранттын эсебинен);

– Бекитай айылындагы мектептин ремонтун жана вентиляциясын орнотуу менен толук бүтүрүү;

– Кайырма айылындагы “Шоковой заморозка” имаратынын ремонтун толук бүтүрүү;

– Моңолдор айылындагы башталгыч мектептин ремонтун толук бутүрүү;

– Сары-Булак орто мектебинин сырткы фасадынын, спорт залынын ремонтун ЖБ аркылуу, ал эми электрлештирүү боюнча долбоорун – Жайыл райондук өнүктүрүү фондуна өткөрүү;

– Таштанды ташуучу спецтехниканын сатып алынышын камсыз кылуу;

– Сосновка орто мектебинин сырткы фасадынын ремонтун толук бүтүрүү;

– Мектеп, бала-бакча, маданият үйү, спорттук зал ж.б. социалдык объектерди 2024-25-жж. күзгү-кышкы мезгилине даярдоо (мектеп от казандарын оңдоо, насос, мотор, көмүр сатып алуу жумуштарын уюштуруу).

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар