whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири Майрамбек ИМАНГАЗИЕВ: “Биздин милдетибиз элдин коопсуздугун сактоо”...

“Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири Майрамбек ИМАНГАЗИЕВ: “Биздин милдетибиз элдин коопсуздугун сактоо”…

Быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө жана Кара кыргыз автономиялуу облусунун түптөлгөнүнө 100 жыл толот. Бул датаны утурлай ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири, милициянын полковниги Имангазиев Майрамбек Турсункожоевич менен  менен маек курдук.

– Алгач өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

– Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сан-Таш айылынан болом. Бала чагым ошол эле айылда өттү, мектепти бүткөн соң Советтик Армиянын катарында 1991-1993-жылдары деңиз флотунда кызмат өтөгөм. 1995-жылга чейин ар кайсы кызматтарда иштеп,  Жазаларды аткаруу кызматына сержант болуп жумушка орношком. Ал жерде улук оперативдик кызматкерге чейин жеттим. 1997-жылы ИИМдин Бишкек жогорку мектебине (Азыркы ИИМдин академиясы) сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, 2003-жылы бүтүп, Ошко Чек Ара кызматына которулуп кеттим. Ал жерде 6 ай кызмат кылган соң Эркештам чек ара бекетине жиберишти кийин ал жакта кызматымды уланттым. Ал убакта чек арада иштөө бир аз оорураак болчу, 10 км аралыкка кезмекке жөө басып барат элек.

– Быйыл кыргыз милициясынын түптөлгөнүнө 100 жыл толуп, кыргыз милициясы кылымдык жолду басып өттү. Анын ичинде “Шумкар” атайын багыттагы полку дагы бар. Бул полктун ачылганына канча жыл болду?

– “Шумкар” атайын багыттагы полку 2014-жылы түзүлгөн. Ал учурда мен Ички аскерлер кызматында иштейт элем. “Шумкар” ачылганда бизди ошол жактан тандап алышкан. Ошондон бери ушул жерде үзүрлүү иштеп келе жатам.

– Ал эми полктун командири болгонуңузга канча болду?

– “Шумкар” атайын багыттагы полкунун командири кызматына дайындалганыма бир жыл сегиз ай толук болду.

– Дээрлик эки жылга жакын убакыттан бери жетекчилик кызматты аркалап жатыпсыз. Бул убакыт ичинде эмнелерге жетише алдыңыз?

– “Шумкар” атайын багыттагы полкунун штабынын ички бөлүгүн толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Учурда штабдын сыртын жылуулоо иштери жүрүп жатат. Андан сырткары менин демилгем менен былтыр 2 медаль жана бир төш белги чыгардык, алар: “Шумкар” атайын багыттагы полкуна 10 жыл юбилейлик медалы, “Шумкар” медалы жана төш белги. Мунун ичинен юбилейлик медаль биздин полкто 10 жыл үзгүлтүксүз иштеген балдарга берилет. Былтыр бул медалды биринчи жолу балдарга ыйгардык. Ал эми “Шумкар” медалы менен төш белги иштеги жетишкендигине карап берилет. Бул биздин балдардын кызмат өтөөгө стимул болушу үчүн жасалган кадам. 1-ноябрь Кыргыз милициясынын кесиптик майрамына карата медалдарды ыйгаруу боюнча учурда иштерди жүргүзүп жатабыз.

– Сиздердин полктун негизги милдетине эмнелер кирет?

– Биздин милдетибиз элдин коопсуздугун сактоо, чет өлкөдөн чоң-чоң коноктор келгенде, жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдө, мамлекеттик маанидеги иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыз кылабыз.  Эгерде чек арада кандайдыр бир окуялар болуп кетсе биз дагы барабыз, жалпылап айтканда биз баарына даярбыз.

– Кандай талаптарга жооп берген жарандар “Шумкар” атайын багыттагы полкуна кире алышат?

– Бизге жумушка кирүүнү каалаган балдарга эң биринчи талап бул аскер билети жана аттестаты болууга тийиш. Андан кийин талапкердин физикалык, моралдык жана психологиялык абалын текшеребиз. Милдеттүү түрдө талапкердин боюу 1,75 метрден өйдө болуп, өзү жана анын жакын туугандары соттолгон эмес болууга тийиш.  Андан кийин ал генерал-майор Ж. Шабиров атындагы  республикалык окуу борборунда 3 ай окуп келген соң бизге жумушка орношот.

– Айлык маяналар көбөйгөндөн кийин сиздерге жумушка кирүүнү каалагандар арбын болуп жатса керек?

– Өлкө жетекчилигинин жүргүзүп жаткан саясатынын негизинде учурда жеке эле бизде эмес, бардык жакта маяналар көтөрүлдү. Сиз туура айтып жатасыз, азыркы күндө бизге жумушка кирүүнү каа-лаган жарандарыбыз абдан көп. Жумуш орундары бошоору менен эле башкасы дароо кирип жатат. Мурда дайыма бош ваканттык орундар бар болсо, азыр андай жок.

– Жумушка кирүүдө кимдерге артыкчылык берилет?

– Жумушка алып жатканда талапкердин спортко болгон кызыгуусуна, дене түзүлүшүнө көңүл бурабыз. Эгерде мурда ички иштер органдарында иштеп кеткендер менен сырттан биринчи жолу келгендин ортосунда тандоо болсо, анда мурда кызмат өтөп кеткенине артыкчылык берилет. Анткени ал ички системаны жакшы билет, жумушта тажрыйбасы бар.

– Материалдык-техникалык базаны чыңдоо багытында кандай иштер жүрүүдө?

– Биздин министрибиз, милициянын генерал-лейтенанты Ниязбек Улан Омокановичтин демилгеси менен кызматкерлерге батирлер, РИИБ, ИИБдердин имараттары салынууда. Анын ичинде биздин полкко дагы 500 кишиге ылайыкташкан жаңы казарма курулууда. Буюрса ал жакынкы убакытта аягына чыгат, андан сырткары автопаркыбыз үчүн жаңы унаа токтотуучу жай салып жатабыз. Спорт залыбыз да капиталдык ремонттон өтүп жаткан учуру.

– Чет өлкөлөр менен тажрыйба алмашып турасыздарбы?

– Ооба, чет өлкөлөргө тажрыйба алмашууга барып турабыз. Мына жакында эле ЖККУнун алкагында  Россия Федерация-сынын Новосибирск шаарына окууга барып келдик. Жакында алар бизге келишти, Ысык-Көлдө учурда окуу-машыгуу өтүп жатат.

– Сиз жетектеген полкто спортто ийгилик жараткандар аз эмес болсо керек?

– Министрликтин планынын алкагында спорттун түрлөрү боюнча мелдештерде биздин балдар дайыма алдыңкы орунду ээлеп келишет. Андан сырткары Кыргызстанда жана чет өлкөдө өтүп жаткан беттештерде ийгилик жараткан спортчуларыбыз да аз эмес. “Алыш” бел боо күрөшү, таяк тартыш, гиря көтөрүү боюнча өлкө биринчилигин алган спортсмендерибиз бар. Астанада өтө турган Көчмөндөр оюндарына аркан тартыш боюнча балдар даярданып жатышат.

– Чет өлкөлөрдөгү мелдештерде ийгилик жараткан спортчулар жөнүндө да айта кетсеңиз?

– 2024-жылдын 8 айында 82 кызматкер спорттун ар кайсы түрүнөн алдыңкы орундарды багынтты. Анын ичинен 19 кызматкерибиз спорттун ар кайсы түрү боюнча чет өлкөлөрдө өткөн беттештерге катышып, 5 кызматкер 1-орунду, 7 кызматкер 2-орунду, 7-кызматкер үчүнчү орунду ээледи.

Быйылкы 8 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда жана чет өлкөдөгү спорттук беттештерде 1-орунду алгандар – 51 кызматкер;

2-орунду алгандар 26 кызматкер;

3-орунду алгандар 29 кызматкер;

Биз спортчуларыбыз үчүн дайыма шарт түзүп берүүгө колдон келген аракетибизди кылабыз.

– Убактыңызды бөлүп, бизге маек куруп бергениңиз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз.

– Кыргыздын тунгуч гезити “Кыргыз Туусу” быйыл 100 жылдык юбилейин белгилеп жатат. Сиздерди да юбилейлик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм!

Султанбек Аманбеков, “Кыргыз Туусу”

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар