Чокулары көк бетин чалган Теңир-Тоо жергесинде элибизге аттын кашкасындай белгилүү чоң таланттардын мекени болгон Миң-Булак деген айылдын бар экенин ким гана билбейт. Бул жерде, бул айылда чоң манасчы Тыныбек, Актан, атактуу чечен, санжырачы Көкөтөйлөр жашап өтүшкөн, алардын элине калтырган өнөрү, чыгармачылык мурасы азыркы күнгө чейин кыргыз элинин рухий казынасын байытып, элибиздин мактанычы, сыймыгы болуп келет.
Булак жердин баарында эле чыга бербестиги, булак чыккан жерди кыргыздар атам замандан бери эле кадырлап-сыйлап, ыйык жерге айлантып келишкендиги баарыбызга маалым. Эл бир булак чыккан жерди эле ошончо баалап-барктаса, урматтап сыйласа, анда миң булак атылып чыккан жер кандай баага ээ болоорун өзүңүз эле элестетип көрүңүз. Тыныбек Булак, Актан Булак, Көкөтөй Булактар жердин жети катмарынан оргуштап чыгып, ууртасаң каймак даамданып, тишиңди какшатып турат. Дагы далай булактар көп, ошол булактардын арасында шылдыр суунун үнү обон созгонсуган, ыр окугансыган, сөз курагансыган дагы бир булак көк кашка тунук суусун агызып турат. Мен муну Ыр Булак деп атап коюуну туура көрүп турам. Эгер макул десеңиз ошол Тыныбек Булак, Актан Булак, Көкөтөй Булактардын урпагы болгон, уландысы болгон Ыр Булак туурасында кичине Сөз кылсак дейм…
Ырларында мөлтүр тунук саптар бар…
Асакем, албетте, биринчи кезекте акын. Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов акындын поэзиясына бекер жеринен төмөнкүдөй баа берип жаткан жок да: «Асан Жакшылыковдун ырлары менен тааныштым, өзү окуп берди. Албетте, кыйын темада… Асандыкы абдан келтирилген – терең кеткен, чоң, улуу философиялык поэзия! Ошону ойлодум, тилдин мүмкүнчүлүгүн байкадым, келечеги анын биздин элибизде. Ушундай деңгээлде орус тилинде же башка тилдерде болууга мүмкүн, – биз ошол деңгээлге жеткенибизди Асандын чыгармачылыгынан билдим».
Акындын алгачкы ырлар жыйнагы жыйырма жаш курагында «Таңдын ырахаты» аттуу аталышта 1969-жылы жарык көргөн. Акын-жазуучулардын адетте тун чыгармаларына, жыйнактарына мүнөздүү болгон жакшы сапаттарды бул жыйнактын ичиндеги ырлардан, ыр саптарынан да кездештиребиз. Жыйнак чыйрак жазылып, окуучуну кенедей да кайдыгер калтырбайт. Жаш акындын жаш ойлору, жаңы ойлору жаңы көркөм сүрөттөөлөргө, жаңы образдарга жетелейт:
Жылдыздуу бейкут түндө,
кышында, жылуу үйдө
келтирип ысык-суукту илебине
киринтет наристесин туңгуч эне.
Аярлап угуп турам
суу дабышын,
жашоонун дабышындай канымдагы
эненин салаасынан
баланын денесине жай чубурган.
Чебер сүрөтчүнүн колунан чыккан жашоо-турмуштун бир кичинекей үзүмүн чагылдырган «Салаадагы суу». Ага канбай калсаң анда сөзсүз «Дарактуу сүрөттү» кочуштап ич да, улантып оку. Тоолук энелердин жашоосун, өмүрүн узарткан сары самоордо арчанын отуна кайнаган булактын сүттөлгөн чайын ичип жатып сүйлөнгөн сөздөр, эскерүү кептер, далай тарых, толгон окуя, жай жылып жаштыкты алган мезгилдер… ар түстөгү боектор менен тартылып маңдайыңа илинген сыйкырдуу сүрөттүн өзүн элестетет. Негедир бул образдар бул ырларды окуп жаткан мени да ойлондурат, түйшөлдүрөт, толкундатат. Асакеңдин Ыр булагы ошол биринчи жыйнакта эле Рамис акын жазгандай «Ырларында мөлтүр тунук саптар бар…» ырлардан болгонун акындын тун китебин барактап, шашылбай, кунт коюп окуп чыккан киши сезбей койбойт.
Ыр булак чыгармачылыктын эң негизги, маанилүү түрлөрүнөн болгон Поэзиядагы өзүнүн ишенимдүү кадамын ошентип баштаганы белгилүү. Ушундан жети-сегиз жыл өтпөй Ыр булак Асанды адабий коомчулук, кыргыз поэзия сүйүүчүлөрү жылуу кабыл алган, калеми такшалып, өз окурмандарын кыйла кубанычка бөлөгөн «Улуу шашке» ыр жыйнагын жарыялайт. Андан соң Ыр булактын «Бейпил көктөм» (1979), «Белес» (1981), «Макмал Төр» (1983), «Мээрим» (1987) аттуу кыргыз поэзиясын салттуу ыр, эркин ыр түрүндө жазылган чыгармалары менен толуктаган, байыткан китептери окурмандарды кубандырат. Өзгөчө «Макмал Төр» поэмасы, «Мээрим» аттуу ыр менен жазылган романы акындын поэзия жаатында көлөмдүү, көркөм чыгармачылыктагы Мезгилдик жана Мейкиндик маселелерин бышыра ишке ашырууда да ийгиликтүү иштей алаарынан кабар берип, Ыр булактын үнүн, доошун, аткан, аккан суусун нурлантып турганы баарыбызга маалым.
Ыр булак Асандын «Элет аңгемелерин» окудуңуз беле?..
Мен учурунда окуп алып өзүмчө аябай ыраазы болгом. Анткени, бул аңгемелер жазылган кезде орус прозасында «Деревенская проза» аталышындагы өзүнчө бир багыт пайда болуп, аны белгилүү адабиятчы С.Г.Бочаров «улуу проза» деп адилет атагандай, негизин ошол В.Астафьев, В.Солоухин, В.Белов, В.Шукшин, В.Распутин жана башка таланттуу жазуу-чулардын өткөн кылымдын 70-жылдарында жазылган мыкты аңгеме, повесттери түзүп, аты эле айтып тургандай чыгармалар элет турмушун, элет жергесинин жашоосун чагылдырган. Алар негизинен лирикалык маанайда жазылып, элет жергесинде жашап, өмүр сүргөн адамдардын, айыл турмушун, табият менен жуурулушкан адамдардын, алардын кулк-мөнөзүнүн тазалыгын, булак суусундай тунуктугун цивилизациянын, ИТРдин терс жактары буза элек, бузууга үлгүрө элек адамдардын жашоо-турмушун мыкты чагылдырган чыгармалардан болгон. Ошол багытта жазылган чыгармалар ыр сыяктуу окулаар эле, алардын каармандарынан биз өзүбүздүн айылдардагы өзүбүзгө тааныш адамдардын образдарын көрүп тураар элек. Ыр булак Асандын да ошол кезде жазылган аңгемелери ошондой таасир калтырат. Ойлоп коем, эгер Ыр булак Асан ыр жазбаганда мыкты жазуучу болмок экен деп.
«Карагайчылар», «Сейдикерим», «Мүчө», «Машине», «Султанбай дүкөнчү», «Даңкилдин ооматы» сыяктуу аңгемелерин окуп жатканда өзүбүз менен кошо жүргөн, кошо жашаган адамдардын образдары көз алдыбызга тартылат. Аңгемелерди окуп жатканымда китеп беттеринде мен билген, мен тааныган адамдар да жүргөнсүп кетет. Бул Асакеңдин чыгармаларынын турмуш чындыгынын негизинде жазылгандыгы, ойдон чыгарып жазбагандыгы. Анда ал аңгемелер окурманды толкундатып, ал каармандар менен бирге жүргөндөй таасир бере алмак эмес. Алардын башкаларга окшобогон мүнөздөрү, сүйлөгөн сөздөрү, элге окшобогон жактары эсибизден чыкпай калат. Алардын баеолугу, тазалыгы, же бир кемчиликтери, башкалардан айырмаланган мүнөздөрү көз алдыңда турат. «Карагайчылардагы» конфликттин чыгышы, жүрүшү, аякташы күлкүңдү келтирет. Аңгемелерди окуп жатканыңда Чеховдун, Шукшиндин каармандары эсиңе түшөт.
…Чатак кичине эле жерден чыгып кетти. «…Биз тамшанып бозосун жуткан сайын
Чогулдур ого бетер даарып, оңбогур, өз катынын өзү жерге-сууга тийгизбей күчтөнө мактай баштады. Митайым Чогулдур, минтип кыябы келип турганда, удулду өткөрбөй өз сүбөсүн көтөрүп, ал эми атаандашы Айдыкени эл алдында басынтып коюшу керек эле да оюнда, ал мүдөөсүн жым дегизбей түшүндүк; биз да Чогулдурга кошулуп, бозосун бекер ичип жатсак, анын катынын жерине жеткире көкөлөттүк, бу дагы күзүтүп кетти; Айдыке адатынча жүзүнүн түгү чыгып тырышып эле калды. Бозоңо баракелде деп, жарбактап койдук…» Эки айылдаштын чыр баяны ушундай башталат да, Асакең алардын ичинде кири жок, таза мүнөздөрүн окурмандарга эң сонун баяндап берет.
Биз атаган аңгемелер ошол эле А.Саспаевдин, К.Жусубалиевдин, М.Га-паровдун жана башка биздин кара сөз чеберлерибиздин чыгармаларынын катарында турган аңгемелерден.
Ыр булак кыштыр-жайдыр агып турат
Анда Ыр булак Асакеңдин Маскөөдө адабий билимин жогорулатып окуп жүргөн учуру. Өткөн кылымдын сексенинчи жылдары. Кээде ошол мезгилге чейин
тыюу салынган дүйнөлүк адабияттын белгилүү да, белгисиз да акын-жазуучуларынын чыгармаларынын түшкө киргенсип гезит-журналдарга, кээде өзүнчө китеп болуп чыга калып жаткан учурлары. 1984-жылы аргентиналык мыкты жазуучу Борхестин «Ар кайсы жылдардагы прозалар» аттуу жыйнагы Москванын «Радуга» басмасынан «Мастера современной прозы» аттуу сериясынан жарык көрүп калды. Мурда атын кээ бир жерлерден гана кез-кезде угуп калып жүргөн мындай жазуучунун орус тилинде чыккан жыйнагын таап алып, жаздыктын алдына катып алып окуп, таанышып чыгуу ар бир өзүн сыйлаган, жаңы бир көркөм бийиктиктерге чыксам, көтөрүлсөм, умтулсам деген калемгердин көкүрөгүндөгү ой-тилеги болгону белгилүү да. Ыр булак Асакеме ошол Борхестин бир томдук китеби Маскөөдөн колуна тийбей калганбы, тийсе да бирөөлөрдүкүн алып өзүнүкүндөй кылып сызып-чийип шашпай окуй алган эмеспи, ошол китепти табууга жардамдаш деп мага атайлап жеңени жөнөтүп ийгени али күнчө эсимде. Да бир мисалды эскергим келет. ХХ кылымдын алп жазуучуларынын бири Герман Гессенин жыйнагын бирөө жалдырап, аны окубасам болбой калды деп жабышып атып Асакемден сурап алат да, ошону менен жок болуп кетет. Унуткарам дегенби, же жоготуп ийгенби, иши кылып бир жерден кармалып катуу тил укканына өзүм күбө болгомун. Буларды эстеп жатканым Ыр булак Асакемдин көркөм табитинин мыкты экендиги, өздүк китепканасы, окуган китептери акындын дүйнөлүк адабият, дүйнөлүк философиялардан түшүнүгү кенен экендигинен кабар берип тургандыгы. Дүйнөлүк адабияттын ал үлгүлүү, өлбөс китептеринен алган таасирлерин, үлгү боло турган жерлерин, учурларын өзүнүн жазган чыгармаларында, эссеистикасында, маектеринде ыгы менен колдонгону Асакеңдин кыргыз көркөм сөз өнөрүндөгү интеллектуал калемгерлердин бири экендигинен кабар берип турат. Ар бир таланттуу калемгер көркөм сөз, чыгармачылык, адабияттын өлбөс-өчпөс чыгармалары, өзүнүн калемдештери, эл адабияты дагы толгон-токой маселелер туурасында ой жүгүртө алган, сөз айта ала турган адам болушу керек экендиги турган иш. Мындай сапаттар Ыр булак Асакеме да мүнөздүү экендигин акындын окуучулары жакшы билишет.
…Ошентип, Миң булактын Ыр булак, агып келет ыр курап, атып келет ыр курап, каалоо, тилек биздеги, Булак көзү бүтөлбөй, ага берсин шылдырап, ага берсин Ыр курап!..