Понедельник, 23 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Ошто улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн Ош шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиршкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлерге Ардак грамота, ыраазычылык баракчалар жана төш белгилер тапшырылды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар