Президент Садыр Жапаров Европа парламентинин Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы резолюциясына комментарий берди.
Өлкө башчысынын айтымында, ага өздөрүнүн эле кесиптеши, Франциянын Европарламенттеги депутаты Тьери Мариани жооп берди, ал эч ким өлкөнүн ички иштерине кийлигише албай турганын айтты.
«Алар Кыргызстандан миңдеген чакырым аралыкта туруп бул жерде эмне болуп жатканын кайдан билишет. Социал-демократтар партиясы шайлоочулардын добушун сатып алууга 1,5 млн. сом сарпташкан. Алар Бишкек шаары боюна 60 гана үгүтчүнү каттап, ал эми 40тан ашык үгүтчү каттоого алынган эмес. Бул дагы добуш сатып алуунун бир түрү. Биз таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн Боршайкомду жаңы заманбап техникалар менен жабдууга 2 млрд. сомдон ашык каражат короттук. Азыр мурдагыдай бюллетендерди салуу жок, бир гана маселе бар – добуштарды сатып алуу. Эгерде эл өзү добушун сатпай, добуш сатып алгысы келгендердин бетине түкүрсө, системаны жеңебиз», — деди Садыр Жапаров.
Президент белгилегендей, Европарламенттин депутаттары эч нерсени көрбөй-билбей, эч кандай далили жок туруп, кандайдыр бир резолюция кабыл ала алышпайт.
«Эгерде сиздерди ушул маселе кызыктырса бизге келиңиздер. Бул жерде баарын өз көзүңүздөр менен көрөсүздөр. Биз сиздерге душман эмеспиз, биз дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен достошуп, кызматташабыз. Бирок, биз көз карандысыз жана эгемен өлкөбүз, өлкөнүн ички саясатына кийлигишүүнүн кереги жок», — деди ал.
Эскерте кетсек, мындан мурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламентке расмий жооп берип, Европарламенттин резолюциясын Кыргызстандын укук коргоо жана сот органдарына басым жасап жаткан аракети катары баалай тургандыгын билдирген. Ошондой эле Европарламенттин депутаттарынын диалогду күчтүү позициядан өткөрүүгө умтулуусу Кыргыз Республикасынын эгемендигине шек туудурат жана Кыргызстан менен Европарламенттин ортосунда акыркы он жылдыкта калыптанып калган кызматташтыкка жана өнөктөштүккө доо кетирет деп белгиленген.