whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.03.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтты

Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Магдебургдагы трагедияга байланыштуу Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“2024-жылдын 20-декабрында Магдебург шаарындагы Рождество базарында автоунаанын сүзүшүнөн улам адамдардын курмандыгына жана жаракат алышына алып келген кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бул кырсыкта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын бат сакайып кетишине тилектешмин”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар