whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов каза болду

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов каза болду

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов 102 жаш курагында каза болду.

Урманбетов Асек, 1923-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, II топтогу майып.

Украинанын жана Белоруссиянын ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Ал эки истребитель менен бирге немистердин 76 автомашинасын ар кандай жүктөрү менен кармаган.

Жеңиштин урматына Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда «Даңк» медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарбасында өндүрүштүк кооперативде башкы бухгалтер, ревизор болуп иштеген. Акын жана жазуучу. Ал “Ак жол” коомдук фондунун президенти катары кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

Бишкек шаардык мэриясы Асек Урманбетовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар