Вторник, 24 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Эмгек министри БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолукту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Эмгек министрлигинин жетекчиси Антье Гравеге өкүлдүк кылган БУУга кызматташуу жана министрликтин айрым милдеттерин ишке ашырууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде БУУнун туруктуу координатору Эмгек министрлиги Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн өнүктүрүү боюнча өнөктөш агенттиктердин жарымынан көбү кызматташкан негизги министрлик экенин белгиледи.

Жолугушууда тараптар 2025-жылга пландаштырылышы керек болгон кызматташтыкты тереңдетүүнүн ар кандай жолдорун талкуулашты.

Тараптар өзгөчө туруктуу өнүгүү максаттарын, ошондой эле ратификацияланган конвенциялар боюнча республиканын милдеттенмелерин ишке ашыруу боюнча иштердин жүрүшүнө талдоо жүргүзүүгө макул болушту. Бул кызматташтыктын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу үчүн кошумча чараларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет деп болжолдонууда.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар