“Бардык көркөм өнөрлөрдүн
ичинен биз үчүн эң эле маанилүүсү болуп, кино эсептелет”
Владимир Ильич Ленин (1870-1924),
Бул макала – кагылайын кыргыз калкыбыздын айрыкча аздектелген атактуу уулдарынын эң ирилеринин бири, аты-жөнү, дайын-дареги өзүбүздүн сүйүктүү Ата-Журтубуздун гана эмес, мурдагы СССРдин чегинен аттап өтүп, эл аралык даражага чейин өсүп жеткен залкар кинорежиссер – Төлөмүш Океевдин жаркын элесине арналып отурат.
Эгерим, бул атактуу устат мурдагысындай эле, өзүнүн “фирмалык”, көндүмгө айланып калган жагымдуу, жылмайыңкы өңү-жүзү менен, кабагым-кашым дебестен, күлүп-жайнап, шатыра-шатман биздин арабызда аман-эсен жүргөндө, ушул төгүлүп-чачылып турган берекелүү алтын күздүн күндөрүндө өзүнүнүн 90 жылдык кутман курагын мекендештери менен чогуу-чаран салтанаттуу түрдө майрамдамак. Кейиштүүсү, тагдыр ага мындай мүмкүнчүлүктү бербей, ал өмүрдөн өтө эрте өтүп кетти…
Төлөмүш Океев 1935-жылдын 11-сентябрында кереметтүү көгүлтүр Ысык-Көлдүн Тескей тарабында жайгашкан айтылуу Тоң районунун ажайып Төрт-Күл айылынын жайытында катардагы колхозчунун боз үйүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы – Окей кыргыздын элдик ооз эки чыгармачылыгын мыкты билген, бүтүндөй район боюнча таанымал таңдайлуу сөзмөр, санжырачы, энеси — айылдык дүкөндүн сатуучусу болуп иштеген. Ким билсин, балким, Төлөмүштүн “Бакайдын жайыты” (“Биздин балалыктын асманы”) аттуу киношедевринин жаралышына – анын дал ошол жайлоодо өткөргөн балалыгынын элестери да себеп болгон чыгаар…
Баарынан кызыгы, элибиздин дагы бир энчилүү уулу, даңазалуу драматург- Бексултан Жакиев Төлөмүштөн төрт айдан кийин бул райондун бор
бору – Бөкөнбаевде туулуп, алар жердеш, теңтуш, чыныгы достор катары, өмүр бою ийиндеш-колтукташ, эриш-аркак жашашып, улуттук маданиятыбыз менен көркөм өнөрүбүздүн гүлдөп-өнүгүп, өркүндөшүнө өздөрүнүн баа жеткис жекече салымдарын кошуп кетишпедиби. Анын үстүнө, экөөнүн балалык маалы Улуу Ата Мекендик согуштун тозоктуу жылдарына дал келип, анын адам чыдагыс запкыларын тартып жүрүп, чоңоюшкан. Ал эми, Жакиевдин атактуу “Атанын тагдыры” аттуу пьесасын да дал ошол трагедиялуу жылдардын түздөн-түз жаңырыгы катары кабыл алынышы абзел.
Төлөмүш айылдык мектепте окуп жүргөн кезинде киного абдан кызыгып, Бөкөнбаевге чейинки 10 чакырымча аралыкты жөө-жалаңдап басып барып, кино бүткөн соң, ээн талаадан коркпостон, жүгүргөн бойдон түн ортосунда үйүнө кайтчу экен. Мындай кырдаал жаш баланын сезимине кийин кино ишмери болсомбу деген жемди да таштап коюшу толук мүмкүн эле…
Адегенде, геолог (тоо-кен инженери) кесибин жактырып жүргөн Төлөмүш мектептен кийин Ленинграддын белгилүү Киноинженерлер институтунун электротехникалык факультетине кирип, аны тоолук кыргыз жаштарынын ичинен эң биринчи болуп аяктап, үн режиссеру деген кесипке ээ болуп чыгат. 1958-жылы Мекенине кайтып, “Кыргызфильм” студиясында өзүнүн алгачкы эмгек жолун – анын үн операторлугунан баштайт. 1965-жылдан тарта, ойнолуучу жана ойнолбой турган тасмалардын режиссер-коючусу, сценарийлердин автору жана авторлошу болуп эмгектенген. Ал өзүнүн теориялык жана практикалык билимин тереңдетүү максатын көздөп, Москвадагы киносценаристтер менен кинорежиссерлордун Жогорку курстарын ийгиликтүү аяктап чыгат.
Аларды бүтүрүп чыгаары менен, ал советтик легендарлуу кинорежиссер, СССРдин Эл артисти, көрармандардын сүймөнчүлүгүнө айланган “Кавказдык туткун кыз”, “Бриллиант кол”, “Иван Васильевич кесибин өзгөртүп жатат” деген ж.б. кызыктуу кинокомедиялардын жаратуучусу – Леонид Иович Гайдайдын кинотобуна чакырылып, анын жаңыдан гана тартыла баштаган атактуу “Ы” операциясы” кинокомедиясынын үн режиссеру болуу бактысы анын үлүшүнө туура келген. Албетте, бул – жаңыдан гана канат серпе баштаган жаш режиссер үчүн чоң ийгилик жана таасирдүү түрткү болгондугу – анык.
Мына, дал ушул элестүү окуядан кийин ал Чоң кинонун кенен жолуна биротоло түшүп, атамекендик киноөнөрүбүздү эл аралык даражадагы бийиктикке чейин алып чыгышкан таланттуу режиссерлорубуз: Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Дооронбек Садырбаев, Нуртай Борбиев жана башкалардын көч башында турду.
Т. Океевдин, бар болгону, бир гана табактан турган “Бул – жылкылар” аталыштагы даректүү тасмасы ийгиликтүү чыгып, ага атак алып келген эң алгачкы дебюттук тажрыйбасына айланган. Ал эми, кийинки — “Бакайдын жайыты” (“Биздин балалыктын асманы”) деген эмгеги устаттын эң биринчи толукметраждуу көркөм тасмасы болду. Чыгарма Москвадан окуп келген жаш киносценарист Кадыркул ªмүркулов экөөнүн дипломдук иши эле. Ал экранга чыгар замат, миңдеген киносүйүүчүлөр, көрармандардын купулуна толуп, алардын ички табиттерин канагаттандырган чыгарма катары кеңири таанылып, бир эле мезгилде, кино адистери менен сынчылардын көңүлдөрүн да өзүнө бурдуруп, алардын бийик бааларына арзыды. Бул тасма маданият айдыңына таланттуу, новатор, жаңычылдык өнүттө изденип иштей билген кесипкөйдүн келгендигин ачык-айкын айгинелеп, анын аты-жөнүн бүт ааламга жайылтты.
Фильм өз алдынчалыгы, маани-маңызынын тереңдиги, нукура улуттук мазмуну менен кескин айырмаланып, элибиздин үрп-адаты менен ата-салтын даңазалаган чыгарма экендигин коомчулугубуз өтө жылуу кабыл алганы – бекеринен эмес эле. Бүтүндөй СССР жана көптөгөн чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн эл-аралык кароо-сынак, жарыштарга чакырылып, анын калыстар тобунун (жюрисинин) кызуу талкуусуна кабылуу менен, алардын көңүлүнүн борборунда турган бул чыгарма 1967-жылы жаңыдан гана экрандарга чыга баштаган. Бул фильм 1972-жылга чейинки аралыкта эле: Ашхабад, Душанбе, Ленинград, Тбилиси шаарларында өткөрүлгөн Бүткүл союздук, Европанын: Франкфурт-на-Майне, Триест, Тренто шаарларында уюштурулган эл аралык маанилүү кинофестивалдарга катышып, алардын бир кыйла баш байгелери, дипломдору жана атайлаштырылган сыйлыктарынын жеңүүчүсу болуп таанылган.
“Бакайдын жайыты” — Т. Океев, К. ªмүркулов, К. Кыдыралиевдин ысымдарын коомчулукка кеңири таанытып, башкы ролдорду ойношкон атактуу актерлор: Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева жана башкалардын зоболосун жаңы бийиктикке көтөрүп чыкканы – талашсыз.
“Бакайдын жайытынын” өлкөбүздө жетишкен чоң ийгилиги катары – ага биринчи болуп, Кыргызстан Ленин Комсомолунун лауреаты деген ардактуу наамдын ыйгарылышы саналат. Күнү бүгүнкүдөй эсимде, аны тапшыруу аземи 1967-жылдын 29-декабрында, А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, өлкөнүн биринчи жетекчилеринин катышуусунда өттү. Мен ал кезде комсомолдун борбордук комитетинин идеологиялык, маданий-агартуу жана чыгармачыл жаштар менен иштөө маселелери боюнча 3-катчы экениме байланыштуу, бул иш-чараны уюштуруу мага жүктөлгөн эле. Анүстүнө, сыйлыкты тапшыруу комиссиясынын төрагасы – Түгөлбай Сыдыкбеков, орунбасары – мен болчумун. ЛКСМ БКнын 1-катчысы – Мырза Кулматович Капаров тасманын башкы режиссеру – Төлөмүш Океев, сценаристи – Кадыркул ªмүркулов, оператору – Кадыржан Кыдыралиевге лауреаттын дипломун, төш белгисин жана акчалай сыйлыгын тапшырган соң, мен аларды жылуу куттуктоо сөзүм менен чыгып сүйлөдүм.
Арийне, бул тасманын бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң мыкты деп таанылган жүз фильмдин сабына киргизилиши – биздин улуттук маданиятыбыз үчүн тарыхый окуя болуп, өлкөбүзгө бийик аброй, урмат-сыйды алып келди. ªзүнүн мына ушундай ири ийгиликтерине табигый түрдө шыктанып, таланты ашып-ташып, ички сезимдери ала качып, алга жетелеп турган режиссер чыгармачылык ишмердигин жаңы күч, жаңы дем менен аңдап ары ырааттуу түрдө улантты. Анын иш десе, ичкен ашын жерге таштап, жаны жай албаган мүнөзү көпчүлүккө жакшы маалым болчу.
Т.Океевдин тыным албаган аракетинин натыйжасында, 1974-2001-жылдар ичинде “Мурас”, Мухтар Ауэзовдун аңгемеси боюнча “Казакфильмде” тартылган “Көк-Серек”, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жаралган “Кызыл алма” жана “Уркуя”, “Улан” тасмалары жаралды. Башкы ролдорду даңазалуу актерлор – Таттыбүбү Турсунбаева менен Сүймөнкул Чокморов өтө бийик деңгээлде аткарып беришти. Алсак, “Уркуя” кийин Кыргыз ССРнин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка эгедер болду. Ал эми, Мар Байжиевдин сценариясы боюнча экранга чыккан “Алтын күз” фильми Литванын борбору – Вильнюста өткөн Бүткүлсоюздук киножарышта Биринчи мөрөйдү утуп алды.
Булардан кийин “Ак илбирстин тукуму” (“Кожожаш”), “Куугун” (Д. Садырбаев менен бирге), “Махабат закымы”, “Отко таазим”, “Деңиз бойлой жүгүргөн ала дөбөт” (К. Геваркян менен чогуу) жарык көрдү, “Чынгысхандын” (Кыргызстан-Италия) (сценаристи, көркөм кеңеш берүүчү) болду. Ал эми, эки сериялуу “Кожожаш” (Ак илбирстин тукуму) фильми Минскиде (1970) өткөн 18 — Бүткүлсоюздук кинотаймашта Биринчи байгени утуп алып, кийин чет өлкөлүк 30 мамлекетке сатылып кеткендиги эмне деген ийгилик!
Булардан сырткары, “.Ошондо, мен: “Манас!”, “Манас!” деген ураан чакырдым” даректүү тасмасы (Кыргызстан-Түркия), сценарийине авторлош, көркөм жетекчи) тартылды. Койгон режиссер — Нуртай Борбиев. Ошол эле учурда, жогоруда аталган фильмдердин бир тобу Баку, Локарно (эки ирет), Триест, Ереван, Дамаск (эки сапар) шаарларында өткөн эл аралык таймаштарга такай катышып, баш байгелерди, дипломдорду ж.б. баалуу сыйлыктарды жеңип алган.
Билими – терең, турмуштук, чыгармачылык тажрыйбасы – бай, практикалык дасыгы – күчтүү бул устат өзүнүн өрнөктүү эмгек жолун жигердүү мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмердиги менен өтө кылдат айкалыштырып, бул жагынан да эл оозуна алынып, эл көзүнө көрүнүп дегендей, коомчулуктун колдоосуна татый алды.
Т. Океевдин өлкөбүздүн экономикасын, социалдык, маданий-гуманитардык жана руханий тармактарын өстүрүүгө кошкон опол тоодой салымы мамлекетибиз, өкмөтүбүз тарабынан өтө бийик баага татыды. Муну – анын Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине эки сапар (“легендарлуусун” кошуу менен) жана СССРдин парламентине депутат, Кыргызстан КП БКнын мүчөсү, өлкөнүн кинематографисттер бирикмесинин 1-катчысы жана кинематографисттер союздарынын Конфедерациясынын төрагасынын орун басары болуп шайланганы эле, айкын айгинелеп турат.
Ал — Кыргыз ССР менен СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Польшанын жана Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген ардактуу наамдардын ээси. СССРдин Эмгек Кызыл Туу, Кыргыз Республикасынын III даражадагы “Манас” ордендеринин кавалери болгон. Ошондой эле, Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары, “Манас – 1000” мааракелик алтын медалы ж.б. менен да сыйланган.
Т. Океев эл аралык эн-чендеги белгилүү кинорежиссер болгондуктан, ал мурдагы бирдиктүү СССРдин, азыркы эгемен КМШ өлкөлөрүнүн гана тургай, ошондой эле, көптөгөн чет мамлекеттердин аты чыккан кино ишмерлери менен байланышта болуп, алардын бийик урмат-сыйына татыган. Чебердин көркөм тасмалары өзүнүн жөнөкөйлүгү, түшүнүктүүлүгү, кабыл алууга жеңилдиги аркылуу киносүйүүчүлөрдү өзүнө имере тартып келген. Алар кашкайган турмуш чындыгын, кыргыздын улуттук менталитетин, руханий дүйнөсүн, ата-салтын, эстетикалык жана этикалык дараметин алаканга салгандай, так, таасын, таасирдүү чечмелеп бергендиги менен баалуу болчу.
Мен Төлөмүш-аба экөөбүз дээрлик 35 жылга тете мезгил бою, өтө тыкыс байланышта, нукура жылуу мамиледе болуп, ийиндеш иштешкеним менен сыймактанам. Мындан улам, мен белгилүү деңгээлде, анын кулк-мүнөзүн, ички-тышкы маданиятын, ой-мүдөөсүн, жүрүм-турумун дурус эле түшүнүп калгам деп ырастай алам. Ал ар-дайым күлүп-жайнап, көтөрүнкү көңүл, жарык маанай, күлкү-тамаша менен жашады. Чындыгында ал жүргөн жерде өзүнчө эле кичинекей майрам уюштурула калгандай таасир жаралаар эле…
Т.Океев жумурай-журтубуз, калдайган калкыбыз, бөтөнчө, улуттук интелленциябыздын эсинде өткөрө жөнөкөй, сезимтал, боорукер, күйүмдүү инсан катары сакталып калды. Устаз өзүнүн коомдо ээлеп турган бийик даражасы, аркалаган жооптуу мамлекеттик, коомдук-саясий кызматтары, ак эмгеги менен жетишилген ийгиликтери жана атак-даңкына эч качан менменсибеген, жөнөкөй мүнөз чыныгы эл уулу экендигин далилдеп кетти.
Ал үй-бүлөсүн, тууган-туушкандарын кандай бекем сүйсө, Атажуртун да так эле ошондой терең сүйгөн нукура мамлекетчил, мекенчил атуул экендигин өзүнүн бүтүндөй өрнөктүү өмүр жолу, өтүмдүү эмгектик ишмердиги менен д
аңазалап берди. Анын өмүрлүк жары – Жумаш жеңенин эскерүүсүндө, ал- мээримдүү, адилет, ак ниет, эч кимдин көңүлүн калтырбаган адамкерчиликтүү пенде болгон. Балдары дегенде, үзүлүп-түшүп турган камкор ата, чоң ата, таята болгондугун бөтөнчө белгилеп кетет.
Туура, бул чебер өзүнүн укмуштуудай камкордугун, эркинин күчтүү экендигин зайыбы өтө коркунучтуу кала берсе, айыкпас деп да саналган дартка дуушар болуп калганда ачык-айкын далилдей алды. ªзүнүн тапкан-ташынган оокат-кечесин, тартууга даяр турган баалуу сценарийин сатып, тиешелүү каражат топтоого жетишкен. Ушундан кийин гана ага Германиянын белгилүү жана өтө кымбат клиникасынан операция жасатып, боорун донордук жол менен ийгиликтүү алмаштыртып, таптаза сакайтып, бутуна тургузуп, кайра мекенине алып келди. Чындыгында, бул – жубайына экинчи, толук кандуу өмүрдү тартуулады деген түшүнүк эле. Мына, накта камкордуктун, чыныгы эрдиктин, жубайлыктын, эркектиктин, аталыктын бөлөк эч нерсеге салыштыргыс үлгүсү!
Төлөмүш-ага 1993-жылы эгемен Кыргыз Республикасынын Түркиядагы биринчи Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси болуп дайындалып, беш жыл бою кынтыксыз эмгектенип, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара достук мамилелерди, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды ар тараптан тереңдетүүгө баа жеткис салымын кошту. Дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктагандан кийин, ал ошол эле Анкарадагы Түрксой уюмунда КРнын туруктуу өкүлү катары жемиштүү иштеп турду.
Аты-жөнү эл аралык даражага чейин өсүп-жеткен орошон ойлуу, өз заманынан озуп жашап, калкыбыздын улуттук кенчине айланган бул залкар 2001-жылдын 19-декабрында, капыстан кармаган катуу жүрөк оорусунан кийин, бар болгону, 66 гана жашында акка моюн сунду. Денеси мекенине жеткирилген соң, аны менен жалпы элдик коштошуу зыйнаты уюштурулуп, бардык расмий, бийик жөрөлгөлөрдү колдонуу менен сөөгү Бишкектин — “Ала-Арча” мемориалдык көрүстөнүндө коюлду.
Төлөмүш Океевич жубайы (режиссердун жардамчысы жана катчысы) экөөлөп, бир уул, эки кызын, неберелерин жөнөкөй, маданияттуу, эмгекчил кылып тарбиялап, өз алдынча турмуш жолуна салышты. Учурда тун кызы – Азиза атасынын атындагы фондду уюштуруп, аны жетектеп келүүдө. Кенжеси – Алина анын жолун тандап, дипломатиялык тармакта иштеп жатат. Уулу – Искендер Туркиянын мамлекеттик симфониялык оркестринин белгилүү аткаруучу – музыканты болуп иштеп келди.
Жылдар жылдарды алмаштырып, өтө берет. Антсе да, калкыбыздын тагдырына бир гана ирет жаралган өзүнүн бул уулунун жаркын элеси эч качан унутулбастан, түбөлуккө сакталып кала бермекчи.
“Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти озү эле”, дегендей эмес, ушул жерден мен атайылап бир орчундуу көйгөйгө токтолуп кетким келет. Маселе – бул кайталангыс устатка эмдигиче убада кылынган эстелигинин орнотула электигинде жатат. Ал каза тапкандан бир аз өтпөй, мурдагы “Октябрь” кинотеатрынын сол капталына: “Бул жерде кинорежиссер Төлөмүш Океевдин эстелиги коюлат”, — деген жазуусу бар таш орнотулган болчу. Андан бир топ жыл өткөндөн кийин, уятынан эскирген бул таштын ордуна: “Здесь будет установлен памятник выдающемуся кинорежиссеру и дипломату Толомушу Окееву”, -деген жазуу түшүрүлгөн жаңы ташты коюшту. Мына, ошондон бери туура 24 жыл өттү, бирок эч кандай жылыш жок. Мен бул жөнүндө мурдагы мамлекеттик катчыбыз – Касмамбетов Сүйүнбек — мырзага да айткан элем. өкүнүчтүүсү, ал ден-соолугуна байланыштуу бошонумга кетип, бул маселени каратууга үлгүрбөй калды окшойт. Бирок, эртеби-кечпи, бул көйгөй чечилет го деген үмүттүбүздү жүрөгүбүзгө сактай туралы. Биздин бийлик органдарыбыз, Маданият министрлиги жана КРдин кинематографисттер бирикмеси, көчтү өз ордунан жылдыраар деп бел байлайлы…
Тилектеш Ишемкулов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын Атайын жана Толук ыйгарым Укуктуу Элчиси, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору.

