ЖУСУП АБДРАХМАНОВ
Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы ачарчылыкта жүз миңдеген казак калкын Кыргызстанга кабыл алып, өлүмдөн сактап калган кыргыз уулу Жусуп Абдрахмановдун эстелигин Алматы же Астана шаарына орнотуу боюнча идея көтөрүп чыгып, иштерди баштады. Бул идея бир топ жылдан бери казак коомчулугу тарабынан көтөрүлүп, басма сөз беттерине жарыяланып келе жаткан. ªткөн жумада (10.04.2026) Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз органы болгон «Эгемен Казакстан» гезитине атайын ушул маселени Казакстан мамлекетинин деңгээлине көтөрүп чыккан атайын макала жарык көрдү. Анын автору жогоруда айтылып өткөн академик, тарыхчы Койгелдиев Мамбет агабыз. Ошол макаланын бир бөлүгүн кыргыз тилине которуп кыргыз басма бетине жарыялоону ылайык көрдүк.
(КАЗАКСТАНДАГЫ АЧАРЧЫЛЫК (1932-1933) )
Көңүлүм ооруп, көзүмдөн жашым куюлуп,
Оюмда өлүм, ойлорум чачык, буюгуп,
Ач калган элим кырылып жолдо келатты,
Уламдан-улам кыскарып саны, суюлуп …
Кыргыз өкмөтүнүн төрагасы Ж.Абдрахманов 1932-жылдын 25-февралында жазган күндөлүк барагында «Фрунзе калаасынын четинде ачарчылыктан качып келип конуш табууга мажбур болгон казактар тиккен боз үйлөр шаарчасы пайда болду. Бул Филиптин (Казакстан АССР биринчи катчысы Филипп Голощекинди атап өтөт – авт.) кылган ишинин натыйжасы» деп жазат, андан ары бир топ суроолорго ой таштайт (Ю. Абдрахманов. Избранные труды. Б. 2001. С.160).
Бул 1932-жылдын жазы эле. Жусуп Абдрахманов: «1932-жылдын жазында казактар жапырт кыргыз жерине конуш оодара башташты. Көчүп келгендердин бир тобу ачкачылыктан өлүмгө учурап жатышат. Мындай жагдай бир топ жетекчилерди, мени да катуу түйшөлтүүдө, эгин планын аткара албай калсак мейли, кызматтан алышаар, бирок казак калкын өлүмгө салып берүүгө акыбыз жок» деген чечимин жазат (И.А. Абдразаков. Свет погасшей звезды // В кн. Великий Жусуп Абдрахманов. с.592).
Кыргыз өкмөтүнүн көрсөткөнүнө караганда ачарчылыкка учураган казактардын көчүү процесси 1931-жылдын ортосунан башталган. Ал эми 1932-1933-жылдардын башында бул процесс күчөгөн. 1933-жылдын 22-февралында Т.Рыскуловдун төрагалыгы менен өткөн отурукташыруу комиссиясы ачарчылыка учураган казак качкындары тууралуу маселени атайын отурумда караган (Саясий куугун-сүргун курмандыктарын толук актоо жөнүндөгү мамлекеттик комиссиянын материалдары. ХХ кылымдын 20-50 жылдары. V том. Вынужденные беженцы. Сборник документов и материалов. Астана. 2022. 350-362 б.).
Комиссия отурумунда баяндама менен сүйлөгөн кыргыз өкмөтүнүн мүчөсү К.Шоруков (Кыргыз АССРынын Бүткүл Орусиялык Аткаруу комитетиндеги өкүлү, 1928-1934) мындай факты келтирет. «Бул убакытта Казакстандан кыргыз жерине бозгун иретинде жеткен кожолуктардын саны чама менен 35 000ге жетип, алар өлкөнүн 20 районуна жайгашкан. Эгер орто эсеп менен ар бир үйдө адамдар санын беш адамдан деп алсак, анда кыргыз жерине көчүп келген казактардын саны 175 000 адам чамасында. Кыргызстандын Чүй өрөөнүнө жеткен казактардын саны 10 миң чамасында болгон. Бул сан албетте толук эмес. Фрунзе (Бишкек) шаарынын жанындагы Беловодск районунда казак бүлөлөрдүн саны 1933-жылдын жазында 490 го жеткен (КР ОМА. 23 к. 1 т. 720 иш. 45 п.).
Биздин колубуздагы 1933-жылга тиешелүү архивдик материалдарда ошол кездеги РСФСР өкмөт төрага орунбасары Т. Рыскулов менен Кыргыз АССР Совнаркомунун төрагасы Ж.Абдрахмановдун Казакстандағы алаамат ачарчылыктан качып, бир тууган кыргыз элине конуш оодарып келген качкындарды сактап калып калуу аракеттерин далилдеген материалдар жетиштүү.
Т.Рыскулов 1933-жылы 16-февралда Москвадан — Фрунзеге Ж. Абдрахмановго өкмөт байланыш каналы аркылуу «мага жеткен кээ бир маалыматтарга караганда сиздердин республикада качкын казактарды кайтаруу сыяктуу фактылар учурап калат экен. Сиздерден өтүнүчүм, мындай чараларга бөгөт койсоңуздар экен» деп өтүнгөн экен (Жогоруда аталган архив. 23 к. 1 т. 720 иш. 46 п.).
Т. Рыскулов кийинки телеграммасында казак бүлөлөрүн азырынча кайтарууга болбостугун, анткени Казакстандын өкмөтүнүн аларды кабылдоого эч кандай мүмкүнчүлүктөру жок экендигин түшүндүрөт. Ошол жылдын март-апрелинде ачарчылыктан качкан казак бүлөлөрүн сактап калуу үчүн Т.Рыскулов Кыргызстандын өкмөтүнө атайын чаралар тууралуу жобо иштеп чыгып, комиссия түзүп алар тууралуу кабарлап турууну өтүнөт (караңыз: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архиви. 23 к. 1 т. 720 иш. 46, 47, 59, 81 ж.б.б.).
Т.Рыскулов 1933-жылдын 18-февралында Кыргыз өкмөтүнө «казактардын абалы тууралуу маалымат берип турууңуздарды өтүнөм. Мындан ары дагы кандай чаралар көрүлүп жатканын кабарлап турууңуздарды суранам» деген телеграмма жиберет (ГА КР. Ф.23. Ж.1. иш.720. б.59).
Өз кезегинде Ж.Абдрахманов казак боордошторун өлүмдөн сактап калууга болгон аракеттерин көрөт. 1933-жылдын 16-февралында ал Кыргызстандын бардык област, район жетекчилерине өлкө аймагына ачарчылыктан жан сактап келген бардык казак туугандарга кам көрүүнү, аларды жайгаштырууну, жумуш менен камсыз кылууну тапшырат жана бул иштерди жеке көзөмөлүнө алат. Ал бардык аткаруу бийликтерине ар бир аймакка көчүп келген казак бүлөлөрдүн так саны тууралуу маалымат берүүнү, аларды тамак аш, үй-жай менен камсыздоону, жетим калган балдарды балдар үйлөрүнө жайгаштырууга буйрук берет (ошол жерде. 97 п.).
Ошол жылдын 20-февралынын баштап Кыргыз өкмөтүнүн төрагасы Ж.Абдрахмановдун атына Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана башка областардагы 20 райондон казак качкындары тууралуу маалыматтар түшө баштайт. Ж.Абдрахмановдун 1933-жылдын март айында Ташкенттеги Орто Азия аткаруу комитети менен Эл комиссарлар кеңешине, тамак аш запасы комитетине казак качкындары үчүн 68 620 кг буудай, 4140 кг таруу запасын атайын соода жайлары аркылуу таркатып берүү уруксатын сурап телеграмма жиберет (ошол жерде, п.46.).
Кыргыз өкмөтү 1933-жылдын 17-мартында № 132 атайын токтом менен «Кыргыз жерине ачарчылыктан көчүп келишкен казак качкындары үчүн бир нече жобо кабыл алат:
- Казак качкындарын Кыргызстандын аймагында сугат, курулуш, жол салуу, кол өнөрчүлүк иштерине тартуу, бардык өндүрүш, чарбачылык иштерине тартуу аркылуу жумуш орундар менен камсыз кылуу. Бардык жумуштар менен биринчи кезекте казак качкындарын камсыз кылуу.
- Совхозтрест жана башка жерлерден казак жумушчуларын жумуштан бошотпоо тууралуу сунуш жасалып, жазгы сезондук жумуштарга биринчи кезекте казактарды тартуу милдеттендирилет.
- Жумуш менен камсыздандыруу комиссариятына ири курулуштарга жумушчуларды тартууда биринчи кезекте казак качкындарын караштыруу сунушталат.
- Тамак-аш комиссариятына кыргыз элине конуш оодарып келген казак тургундарын жайгаштыруу ишине байланыштуу токтомун даярдап, ага казак качкындарын орноштуруга байланыштуу РСФСР Эл комиссарлар кеңешиндеги комиссияга сунуштоо үчүн жер жана материалдык чыгымдарды калыбына келтирүүгө жардам берүү токтому сунушталат.
- РСФСР өкмөтүнө жеткирүүгө Кыргыз борбордук аткаруу комитетинен балдар жана кыргыз Кызыл крест жарым ай коому аркылуу казак кароосуз калган балдары үчүн жардам уштурууну негиздеген токтом иштеп чыгуу сунушталат.
- Бул иш чараларды уюштуруу иштери аймактык аткаруу комитеттерине, кеңештерге тапшырылат (ГА КР. Ф.23. Ж.1. иш.720.).
Албетте ошол мезгилде жүз миңдеп ачарчылыкка кабылып Кыргызстанга ооп келген адамдарды кабыл алуу, аларды тамак-аш, иш менен камсыз кылуу, жайгаштыруу, миңдеген жетим балдарга балдар үйлөрүн ачуу кыргыз өкмөтү, кыргыз эли үчүн оңойго турган эмес. Муну сөссүз белгилей кетүү керек. ªтө оор жылдар болгон, кыргыз эли дагы өзү кыйынчылыктарга кептелип, азык-түлүк тартыштыгында турган. Мындай оор кырдаалдарда албетте түшүнбөстүктөр орун алышы табигый нерсе болчу.
Ушул жагдайга байланыштуу К.Шоруков «мен казак бийликтерине кыргыз өкмөтү казак качкындарына жардам берүү боюнча эч кандай чараларды көрбөй жатат» деген негизсиз айыптоолордон алыс болгула деп айткан болчумун. Кыргыз өкмөтү кандай чараларды көрдү? Биз Борбордук Аткаруу комитети тарабынан бөлүнгөн 100 миң рублга өзүбүз 150 миң рубль кошуп, жалпы 250 миң рублга казак туугандар үчүн 6 балдар үйлөрүн ачтык, аларга 2 миң баланы жайгаштырдык. Бардык казактарды Чүй боорундагы болгон жумуштарга орноштурдук. Чек арадагы туугандарына көчүп келгендердин баары жайларын табышты. Сокулук, Каракол аймактары казактарга толду. Балдардын көбү жетимдер. Кыргызстанда бул жазда суук катуу болуп атат, өлүм–житим көп. Фрунзе менен Караколдун ооруканалары ооруларга толду… деп жазган (Жогоруда аталган V том. 355-356 бб.).
Жалпылап айтканда, 1932-1933-жылдардагы казак калкынын башына түшкөн оор жылдарда ачарчылыктан кыргыз жерине пааналап келген казак калкына кыргыз өкмөтү жан арача түштү, кыргыз элинин, кыргыз өкмөтүнүн жан арга издеген бир тууган казак элин өлүмдөн сактап калууга кылган жасаган бир туугандык жардамы эки бир тууган элдин тарых-тагдырындагы бир өзгөчө барактар. Бул тагдырдын бир сынагы. Бул оор сынакта Т.Рыскулов менен Ж.Абдрахманов өздөрүн мыкты инсандар экенин көргөзүштү.
Жусуп Абдрахманов кыргыздын гана уулу эмес, казак калкынын дагы орток уулу экенин иш жүзүндө далилдеди. Жусуп өз кызматын Алматы шаарында баштаган. Болгону 19 жаштагы жигит Түркстан компартиясынын Алматы шаардык комитетинин жооптуу катчысы болгон. Ал Алматы шаарында казак кызы Гүлбахрамга үйлөнүп, 5 балалуу болгон.
Жусуп Абдрахманов Т.Рыскулов, О.Жандосов сыяктуу казак азаматтары менен өтө жакын достук мамиледе болгон.
Ошондуктан ушул макаланын автору катары кыргыз элинин мыкты уулу, кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Ж.Абдрахманов 1930-жылдары кыргыз өкмөтүнүн жетекчиси катары жүз миңдеген адамдар ачарчылыка кабылып, жан соогалап барганда жүрөгү менен кабыл алып, сактап, коргоп калган адамдык, атуулдук, азаматтык эмгеги үчүн ыраазычылык, таазим иретинде Казакстан Көркөм Академиясы тарабынын казак элинин тилегин орундатып акыйкат көтөрүлүп жаткан сунушу – Казакстан жеринде Жусуп Абдрахмановдун эстелигин орнотуу сунушун колдоймун. Казакстан Көркөм Академиясы коомдук негизде мыйзамдуу түзүлүп, мамлекеттик каттодон өтүп, ийгиликтүү иштеп жаткан алгачкы жана жалгыз уюм болуп саналат.
Көркөм академиянын дагы милдети ошол – искусство менен элдин тилеги бир, искусство элдин жүрөгүндөгү тилегин, рухун алып жүрүүчү улуттук кенч болуп саналат. Ал эми эстелик орнотуунун өзү эки бир тууган элдин, эки бир тууган мамлекеттин тагдыр-тарыхы кылымдар бир экенин, кылымдар бир болоорун далилдеп, мындан ары дагы бир туугандыкты жакындатаар курал болуп берээрин унутпашыбыз керек деп эсептейм.
Мамбет Койгелдиев, академик, Аль Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору.
(Которуп, басма сөз бетине жарыялаган Бактыбек Алиев)