Азербайжан элине «Жамийла» мюзикли көрсөтүлдү

Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар өттү. 2026-жылдын 16-апрелинде Азербайжан мамлекеттик академиялык драма театрында жазуучунун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Жамийла» мюзикли көрүүчүлөргө тартууланды.

Спектакль Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалып, аншлаг менен өтүп, жогорку баага ээ болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Азербайжандын Милли Мажлисинин төрагасынын орун басары Рафаэль Гусейнов, маданият министри Адиль Керимли, ошондой эле жазуучунун уулу Элдар Айтматов жана башка маданият ишмерлери катышты.

Министр Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө кыргыз-азер маданий кызматташтыгынын маанисин белгилеп, мындай долбоорлор эки элдин ортосундагы достукту бекемдей турганын айтты. Белгилей кетсек, иш-чара Садыр Жапаровдун колдоосу менен жана Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын алкагында уюштурулду.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз