Сүрөтчү Азизбек Сулаймановдун жеке көргөзмөсү өтөт

Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Азизбек Сулаймановдун жеке көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт.

Бул көргөзмө автордун көп жылдык жана ырааттуу чыгармачылык жолун чагылдырган кеңири ретроспективдүү долбоор болуп саналат. Анда сүрөтчүнүн ар кайсы жылдардагы эмгектери бириктирилип, анын көркөм изденүүлөрүнүн эволюциясын, формага, түскө жана мейкиндикке болгон өзгөчө мамилесин байкоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Экспозиция бир гана темага чектелбестен, көрүүчүлөргө автордун чыгармачылыгынын кеңири диапазонун сунуштайт. Сүрөтчү живопистин негизги элементтери — түс, жарык, фактура жана композиция менен тынымсыз иш алып барып, бул багытта өзүнүн уникалдуу көркөм тилин калыптандырган. Анын ар бир эмгеги ички тартип, токтоолук жана композициялык тактык менен айырмаланып, көрүүчү менен терең визуалдык диалог түзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз