Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын Элдик Өкмөтүнүн делегациясын кабыл алды.
Жолугушууда акыркы жылдары кыргыз-кытай кызматташуусу динамикалуу өнүгүп, бир катар ири биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы белгиленди. Тараптар быйылкы жыл эки өлкө ортосундагы мамилелер үчүн тарыхый окуяларга бай болорун баса белгилешти. Алардын катарында Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракелик саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ошондой эле жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарлар бар.
Жолугушууда өнөр жай, кайра иштетүү, маданий-гуманитардык жана башка багыттар боюнча практикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.
Айрыкча чакан жана орто бизнести колдоо максатында Кыргызстандын бардык аймактарында өндүрүш ишканаларын түзүүнү караган “250 өндүрүш линиясы” программасын ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Кытай тарап Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык өсүшүнө жогору баа берип, аталган программаны жана башка өз ара кызыкчылык жараткан тармактардагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы келечекте практикалык кызматташууну баштоо үчүн жумушчу механизмдердин алкагында тыгыз байланыштарды улантууну макулдашты.