Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы баскычка өттү. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Кырчын жайлоосуна алып баруучу жол мелдештер башталганга чейин толугу менен бүткөрүлөт.
Учурда узундугу 35 чакырым болгон жолдун дээрлик жарымы жасалды. Жол асфальтталып, анын боюнда 500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай, санитардык зоналар, суу менен камсыздоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, аймактагы жол инфраструктурасы да жаңыланууда. Семенов – Ак-Суу унаа жолу (21 км) толук оңдолуп, Григорьев – Көл-Кашка-Суу багытында 14 чакырым жаңы жол курулат.
Бул иштер Кырчын жайлоосуна жетүүнү жеңилдетип, Ысык-Көл облусундагы логистиканы жакшыртууга жана эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарт түзөт.
