Башкы беткеСаламаттыкты сактооНикеге туруу үчүн милдеттүү медициналык кароону киргизүү сунушталууда

Никеге туруу үчүн милдеттүү медициналык кароону киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда никеге туруучу жарандар үчүн милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документтин долбооруна ылайык, никени каттоо медициналык кароодон өткөндүгү тууралуу маалымкат болгондо гана ишке ашышы керек. Анда В, С жана D вирустук гепатиттерине, ВИЧ инфекциясына жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларга анализ тапшыруу талап кылынат. Демилгечилердин пикиринде, азыркы учурда мындай текшерүүлөр ыктыярдуу болгондуктан жарандардын басымдуусу өзүнүн инфекциялык абалын билишпейт. Жугуштуу оорулар көп учурда никеден кийин аныкталат.

Текшерүүнүн жыйынтыктары медициналык сыр катары сакталат жана жарандардын макулдугусуз ачыкталбайт. Ошондой эле ооруну жашырган учурда экинчи тарап сот аркылуу никени жараксыз деп табууга укуктуу болот.

Демилгенин авторлору мындай чаралар жугуштуу оорулардын жайылышын азайтып, үй-бүлө курууда жоопкерчиликти күчөтүү менен келечек муундардын ден соолугун коргоого жардам берет деп эсептешет.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар