Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды. Делегациялар Бишкек шаарына Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келишкен.
Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан ШКУнун төрагасы катары коргоо тармагындагы практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Анын ичинде биргелешкен машыгууларды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жана ведомстволор аралык координацияны күчөтүү негизги багыттардын бири экени айтылды.
Президент ошондой эле кеңешменин алкагында жетишилген макулдашуулар ШКУ алкагындагы коргоо кызматташтыгын бекемдеп, аймактык коопсуздукту чыңдоого олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.