Узак убакыт атын атоого да кооптуу болуп келген, кийин эгемендүүлүк жылдарында алгач агартуучу катары, кийин агартуучу-педагог гана эмес, ХХ кылымдын баш ченинде кыргыз совет мамлекеттүүлүгүн түптөөгө да катышкандыгы аныкталган, мамлекетчил саясий жана коомдук ишмер катары мүлдө кыргыз журтуна белгилүү болгон Эшенаалы Арабаевди билбеген, укпаган адам жок чыгаар. Учурунда же болбосо, Совет бийлиги орногонго чейин эле ал кыргызга эле эмес, казак, өзбек калкына да агартуучу-педагог катары белгилүү болгон.
Бул адамдын педагогикалык, саясий жана коомдук ишмердүүлүгүн изилдеген А.Осмонкулов, Э.Маанаев, С.Байгазиев, С.Өжөрбаева, М.Эсенгулова, Ж.Байдилдеев, Т.Абдрахманов ж.б. катарында мен да аздыр-көптүр салым кошкондугумду сыймыктануу менен белгилей кетсем, окурмандар туура түшүнөттүр, деген ойдомун.
Изилдөөлөрүмдө улуу агартуучу, мамлекетчил-мекенчил адамдын Совет бийлиги орногонго чейинки агартуучулук ишмердүүлүгүн жана анын ошол мезгилдеги жалпы Россиянын тутумундагы оторчул доордогу түрк тилдүү калктарына тараган алгач мусулмандык агартууга реформа жасаган, кийин саясий кыймылга айланган жадидчилик кыймылынын Кыргызстандагы көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири экендигин илимий өңүттө далилдеп, аны учурда Түркия, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Япония сыяктуу өлкөлөргө таа-нытуу максатында иш аракеттерди жүргүзүп келдим жана Э.Арабаевдин учурда Түркстан аймагындагы А.Байтурсунов, М.Дулатов, М.Жумабаев, М.Бех-буди, А.Авлони, А.Кодири ж.б. агартуучулардын катарында анын ысмы да атала баштагандыгы биз үчүн чоң сыймык экендигин белгилей кетүү абзел, деген ойдомун.
Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинен документтерден тышкары, Эшенаалы Арабаевдин жубайы Кадичанын жана анын Караколдогу мугалими Заир Таировдун фото-сүрөттөрүнүн табылышы биз үчүн күтүүсүз жагымдуу жагдай болду. Эшенаалы Арабаевге билим берип эле тим болбостон, аны билимин дагы тереңдетүүсүнө жана окуусун андан ары Россия-дан улантышы керек экендигин айтып, кеп-кеңешин берген Заир Таиров тууралуу агартуучунун өз колу менен жазган кол жазмасынан кабардар болгонбуз. Ошондуктан, анын сүрөтү табылганда кандай кубанычтуу маанайда болгондугубузду изилдөөчүлөр жакшы түшүнөт.
Кийин Эшенаалы Арабаевдин бир тууганы Өмүрбайдын уулу Биймырзанын кызы Майрамкан Арабаева менен таанышып, абдан жакшы мамиледе болдук. Тилекке каршы, Майрамкан эже 2021-жылы күтүүсүздөн капыстан келген оорудан дүйнөдөн кайтты. Эже менен акыркы ирет жолугушканыбызда, балким, өзүнүн абалы начарлагандыгын сезгенби, айтор менден суранып, Тарых музейине алып баруусун өтүндү. Музейге барып, көздүн карегиндей узак жылдар бапестеп сактап жүргөн Эшенаалы Арабаевдин фото-сүрөтүн, акталуу кагазын музейге өткөрүп берди. Мен да эже менен бул жолугушуу акыркы экендигин билген эмес экемин. Ошол жолугушууда дагы бир топ саргарган кагаздарды өзүңө эле берейин, алардын бул музейге кереги деле жок болуш керек деп, Эшенаалы Арабаевдин кызы Аккагаз эже жазган документтеринин көчүрмөсүн (алардын ичинде бири оригинал) колума берди да, балким эжекем жөнүндө бир нерсе жазаарсың, – деди. Эгер көзүм жумулуп кетсе, буларды эч ким билбей калат го, деп айтты эле. Ошондон көп узабай эле эженин көзү өтүп кетти. Мен изилдөөчү Миргүл Эсенгулова аркылуу таанышып, үчөөбүз ал эже менен Эшенаалы Арабаевдин арты менен көп жылдар тааныш болуп, бир туугандай болуп калдык эле. Аттиң, турмуш деген ушундай турбайбы, бүгүн бар да, эртең жок. Эшенаалы Арабаев дегенде ичкен ашын жерге койгон, аны өтө кадырлап, ушундай адамдын жакын тууганымын деп сыймыктанып жүрчү Майрам эже улуу агартуучунун 140 жылдык юбилейине арналган мамлекеттик иш чараларга катышпай калды.
Эже экөөбүз Арабаев жөнүндө даректүү фильм тарттыралы деген ой менен эчен каттарды жаздык, суранып канчалаган мамлекеттик чиновниктердин кабинеттерине кирдик, депутаттарга кайрылдык, сурандык, Президентке да кат жаздык. Кээде, “капырай ушул тилегибиз кыял бойдон калабы”, деп өкүнүп да калар элек. Бактыга жараша ал идеябыз ишке ашып, Кыргызфильм тарабынан даректүү фильм (реж. Б.Айдаралиев) тартылды. Эже өзү да интервью берип, чыгармачыл топ менен Ысык-Көл өрөөнүнө, Кочкорго чейин барып келдик. Тилекке каршы, Майрамкан эже ал фильмдин бетачаарына катышканга жетишпей, шум ажал арабыздан эрте эле алып
кетти.
Мен бул макаланы Майрамкан эженин керээзи катары, экинчиден, улуу тарыхый инсан, агартуучу, саясий ишмер, мамлекеттүүлүктүн гана эмес, илимдин да, басма сөздүн да башатында турган Эшенаалы Арабаевдин саясий репрессиянын каардуу капшабына эрксиз кабылгандан кийинки үй-бүлөсүнүн татаал тагдыры жөнүндө да элге маалымат катары жеткирүүнү көздөдүм.
Маалыматтар Аккагаз Азыкованын (күйөөсүнүн фамилиясына өткөн) кыргыз, орус тилдеринде бир нече жолу жазган автобиографиясынын негизинде даярдалды. Аккагаз Арабаева 1914-жылы август айында жарык дүйнөгө келгендиги тууралуу кабардар болдук. Эшенаалы Арабаевдин кызы жана Эркин аттуу уулу болгон. Аккагаз деп кызынын атын Э. Арабаев балким, казактын алгачкы интеллигенция өкүлдөрүнүн бири, алгачкы врач, “Алаш” партиясынын активдүү мүчөсү, 1914-жылы Оренбургдагы кыздар гимназиясын, кийин Москвадагы медициналык курсту, Ташкенттеги САКУнун медицина факультетин бүтүргөн Аккагаз Досжанованын (1893-1932) атынан койсо керек, деген да ой жаралды, анткени Э.Арабаев өзү да “Алаш” партиясынын мүчөсү болгон жана “Казак” гезити менен кызматташып, казак интеллигенциясы менен тыгыз байланышта болгондуктан, Аккагаз Досжанованы жакындан таанышы мүмкүн. Ал эми 1924-жылы 10-августта жарык көргөн уулунун атын ошол мезгилдеги кыргыз эли эңсеген өз алдынча болуу, эркиндикке жетүү кыялы менен Эркин деп атагандыгын ишенимдүү айта алабыз. Анткени, анын санаалаштары катары эсептелген Абдыкерим Сыдыков уулунун атын Эрк (Эркин Кыргызстан дегенди билдирген), Абдыкадыр Орозбеков Өзгөрүш, Касым Тыныстанов Теңдик, Бирлик деген аттарды коюшкан.
Аккагаз Арабаева автобиографиясында атасынын Тянь-Шань областынын Чолпон районунун Талаа-Булак деген айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөндүгүн, атасынан үч жашында эле ажырап, апасы алты жаш баласы (эки уул, төрт кыз) менен калгандыгын, жесир калган Жалкынчач (Э.Арабаевдин апасынын атын ушул документтен билдик) балдарын багыш үчүн жалданып иштегендигин, кийин балдары эс тартып калганда улуусу Өмүрбайды байга жалчы кылып бергендигин, кыздары да чоңоюп, апасына жардам беришип, үйдө сайма сайып, аны тамак-ашка алмашкандыгын жазган. Атасы 13 жашынан жергиликтүү мектептен окуп бүтүп, 1899-1909-жылдары Кочкордун Күнбатыш, Каракол кантонунун Коңур-Өлөң айылдарында балдарды окуткандыгын, 1910-1912-жылдары Уфадагы “Галия” медресесинде окугандыгын, 1913-1916-жылдары Коңур-Өлөң, Төрт-Күл айылдарындагы мектептерде жаңы тартипте сабак берген деп көрсөтөт.
Чындыгында эле Э.Арабаев 1909–1912-жылдары ошол мезгилдеги эң алдыңкы окуу жайы катары эсептелген, жаңы усулда билим берген “Галия” медресесинде билим алган жана окуп жүргөндө эле кыргыз тилинде алгачкы жарык көргөн чыгарма катары эсептелген Молдо Кылычтын “Зилзала” деген чыгармасынын кириш сөзүн жазып, жарыкка чыгарууга көмөктөшкөн. Ошол эле жылы казак агартуучусу, өзүнүн курбалдашы Хафиз Сарсекеев менен биргелешип, “Алипбээ жаки төтө” окуу китебин даярдашып, Уфадагы “Шарк” басмаканасынан чыгарышкан.
Автобиографияда Э.Арабаевдин кыскача 1918-жылдан 1933-жылдын май айына чейин советтик, негизинен агартуу, илим изилдөө жана мугалимдик кызматтарда иштегендигин, педагогикалык эмгегине пенсия алгандыгын көрсөткөн.
Аккагаз Арабаеванын дагы бир кол жазмасында 1918–1919-жылдары атасынын Тоң болуштугунда райкомдун милдетин аткаргандыгы, 1920-1923-жылдары педагогикалык курстарды уюштургандыгы, элдик оозеки чыгармаларды топтогондугу, Жети-Суу облревкомдун мүчөсү, төрагасы, “Кошчу” союзунун I съездине жана Москвада өткөн Бүткүлсоюздук Советтердин IX съездине катышкандыгы, “Кошчу” союзунун Жети-Суу обкомунун төрагасынын орун басары, Жети-Суу облустук Советтеринин II съездине катышкандыгы тууралуу маалыматтар так берилген.
Ошол эле кол жазмада атасынын 1925-жылы партиядан чыгарылгандыгы жөнүндө жазып, документтер жок болгондугунан, анын себебин так биле албагандыгын билдирет. Э.Арабаев чындыгында 1925-жылы жергиликтүү партиянын, бийликтин туура эмес жүргүзүп жаткан саясатын сындап, А. Орозбеков, М.Янгулатов, А.Сыдыков, И.Айдарбеков ж.б. Москвага партиянын Борбордук Комитетине жөнөткөн “Отузчулардын катына” кол койгондордун катарында болгондугу үчүн жогоруда айтылгандар менен катар айыпталып, партиялык жазаларды алышкан.
1926-1932-жылдары Милициянын командалык курамына, №8 мектепте, партиялык мектепте, медицина окуу жайында сабак берген. 1931-1932-жылдары Илимий изилдөө институтунда мүчө болгон жана окуу китептерин даярдаган.
1933-жылы майдын экинчи жарымында НКВД органдары тарабынан “улутчул” деп камакка алынганда, мен 16 жашта болчумун, деп жазат кызы, ал эми экинчи бир автобиографиясында “улутчул” деген сөздү чийип салып, үстүнө “эл душманы” деп башка сыя менен оңдолгону көрүнүп турат (өзү же башка бирөө оңдогону белгисиз). Тергөөнүн аягына жетпей 1934-жылы (иш жүзүндө 1933-жылы каза тапкан) Ташкентте атам оорудан кийин өлгөн деп жазат. Ошол эле текстте Октябрь революциясынан кийин элге билим берүү бөлүмүндө иштеген, 1926-жылдан 1933-жылга чейин Фрунзе шаарында медициналык мектепте окутуучу болуп иштеген деген такталган маалыматтар берилген.
Аккагаз Арабаева 1927-жылга чейин көпчүлүк балдардай эле ата-энесинин камкордугу алдында чоңоет. 1927-жылы атасынын жолун жолдоп, Пишпектеги Кыргыз Педагогикалык техникумуна (окуу жайы 1925-жылы 25-октябрда Кыргыз агартуу институту катары ачылган, 1928-жылдан Педтехникум) кабыл алынат.
Студенттик турмуштун кызык күндөрүн башынан өткөрүп, билимге умтулган жаштар окуу менен эле чектелип калбастан, студенттер музыкалык-хор студиясына да катышат. Бул ийримге келечектеги композитор Абдылас Малдыбаев, акын Жума Жамгырчиев, келечектеги жаш муундарды тарбиялоочу-мугалимдер – Төлөнбай Данияров, Аккагаз Арабаева, Айшакан Түмөнбаева ж.б. катышкан. Окутуунун жүрүшүндө физкультура сабагынын киргизилиши, спорт менен байланыштуу ийримдердин, мисалы көркөм гимнастика ийриминин ачылышы студенттер үчүн жаңылык болгон. А.Арабаева: “Мугалимибиз Базаркул Москвадан физкультурадан бир жакшы окуткан аялды алып келди. Биз анда физкультура деген эмне экендигин билчү да эмеспиз, эркек балдар гана ары-бери чуркап, оюн ойношчу. Ал эми бул жаңы физкультура мугалими көркөм гимнастикага үйрөтүп баштады. Базаркул агай жаныбызда жүрүп, сабак кандай жүрүп жатканын жана биз эмнени үйрөнүп жатканыбызды сурап турчу”, – деп эскерет.
Педтехникумда Владимир Образцов деген мугалим көркөм сүрөт студиясын уюштуруп, анда келечектеги белгилүү сүрөтчү Гапар Айтиев активдүү катышуучулардын бири болгон .
Аккагаз Арабаева менен Мискина Алиева (белгилүү мамлекеттик ишмер Осмонкул Алиевдин жубайы, өзүнүн фамилиясы Тана кызы), Айшакан Карасаева (ал учурда Түмөнбаева), Нурия Эшмамбетова, Курман Кыдырбаева, Гүлниса Мамбетова ж.б. онго жакын кыргыздын алгачкы билимдүү кыздары окушкан. Алар жатаканада жашашкан. Окуу жайдын директору Петр Кузьмич Юдахин кыргыз кыздарына чын дилден камкордук көрүп, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракеттерди жасаган. “Айрыкча, кыздар үчүн тынчсызданып, түнкүсүн, айрым учурларда таң саардан келип көз салып турчу, ал турсун ашканада тамактанып жатсак да карап турчу”, — деп эскерген Аккагаз Арабаева.
П.Юдахин менен катар эле окуу бөлүмүн жетектеген Базаркул Данияров да студенттерге кыргыз тилинен сабак берген. Ал жаштарга жакын болуп, кыргыз тилинде таза, так сүйлөгөнгө, ырдаганга, кыргыз бийлерин бийлегенге, кыргыз тилинде газета чыгарганга үйрөткөн. Бир күнү Базаркул Данияров “Аккагаз, сен диктант, дилбаяндарды жакшы жазасың, Гапар Айтиев болсо, сүрөттү мыкты тартат. Экөөңөр октябряттар менен пионерлерге арнап газета чыгарып, атын “Балапан” деп койсоңор дурус болот эле”, деди. Ошентип, Гапар экөөбүз жана дагы бир нече жардамчыларыбыз менен техникумда кыргыз тилинде газета чыгарганбыз” деп эскерген.
Базаркул Данияровдун жардамы менен техникумда беш пионер отряды уюштурулуп, алар үчүн хор ийримдери иш алып барган. Пионер вожатый болуп Субан Юсупов дайындалат. Хор ийримине А. Малдыбаев, Ж.Жамгерчиев, Т.Данияров ж.б. катышкан. А.Арабаева, Айшакан Карасаева, Гүлниса Мамбетова хордун солисткалары болуп, “Кошчу” союзунун театрында концерттерди коюп турушкан. Майрам күндөрү, же болбосо башка учурларда деле техникумга Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Турдалы Токбаев, Осмонкул Алиев, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Сатар Кулматов, Абдыкадыр Орозбеков, Таш Кудайбергенов, Нуркул Кулназаров, Батырхан Мээрханов сыяктуу мамлекеттик ишмерлер, жазуучулар келип турушкан. Аларга концерттерди коюп, кыргыз кыздары көркөм гимнастикалык көнүгүүлөрдү көрсөткөн учурларда абдан таң калышкандыгы да айтылып жүрөт.
Аккагаз педтехникумду аяктаган соң техникумдун алдындагы педагогикалык кабинетте ассистент болуп иштеп калган. 1933-жылы бүтүрүүчүлөрдү педагогикалык институтка которушат. Мыкты окуган, коомдук иштерге активдүү катышып жүргөн студент кызды тарых факультетине кабыл алышат. Окуп жүргөн учурда атасы Э. Арабаев кыргыз интеллигенциясынын ичинен алгачкылардан болуп, жалган жалаа менен түрмөгө отургузулган соң, жаңыдан эле келте оорусунан жакшы болуп, баш көтөргөн Аккагазды “камалган эл душманынын кызы” катары жылдын аяк ченинде институттан чыгарып салышат, жумуштан дагы бошотушат. Ал аз келгенсип, 1928-жылдан бери мүчө болуп жүргөн комсомолдун катарынан да чыгарышат. Бул албетте, Э.Арабаевдин үй-бүлөсүнө, айрыкча жаш кызга кандай сокку болгондугу айтпаса да түшүнүктүү.
Ошентип, окуудан да чыгып, бир жарым жыл жумушу да жок калган. Мугалими Базаркул Данияровго жолугуп калганда, ызасына чыдабаган Аккагаз ыйлап, эмне кыларын билбей жаткандыгын, кыргыз мектептери жок, 9-мектеп болсо алыста жайгашкандыгын, орун жоктугун айткан учурда, ал “кызым, үйдөн эле окуй бер. Эч нерсеге караба, кыйынчылыктар да өтөт, сен дагы келесиң. Мен билем, сен өтө тырышчааксың”, – деп жылуу сөздөрүн айтып жубатат.
Үйдө болсо, жаңыдан тогузга кадам койгон иниси Эркинди өзү карап, тарбиялай баштайт. Анткени, атасы камалгандан кийин балдарын эптеп багууну көздөп, апасы аргасыздан иштей баштаган. Энеси Кадича Тоң аймагындагы өз учурунда кадыр-барктуу, колунда бар Кайбылда Алматаевдин кызы болгон. Кадича күйөөсү камала электе мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы мекемелерде машинистка болуп көп жылдар иштеген, бирок кийин Э.Арабаев каза болгон соң, “эл душманынын аялы” дешип, пенсияга да чыга албай калган.
Эмне кылаарын билбей, кыйналган Аккагаз кыйын экенин түшүнүп турса да, Базаркул Данияровго кайрадан кайрылууга аргасыз болот. Бирок буга карабай, ошол учурда “эл душманынын кызы” катары эсептелген Аккагазга жардам берүү өтө кооптуу экендигине карабастан, кызга боор тарткан Базаркул Данияров техникумга чакырып, методист-лаборантка кылып орноштурат. Муну менен эле чектелбес-тен, аны кайрадан 1936-жылы Педагогикалык институтка кайрадан кабыл алынышына да көмөк көрсөткөн. Бирок, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, анын окууну улантууга мүмкүндүгү болбой калат. Жакын тааныштары, туугандары катышкандан тартынып калган агартуучунун кызына агайы, анын үстүнө Эшенаалыны урматтаган Б.Данияров колунан келген жардамын аяган эмес, кийин өзү да репрессиянын курмандыгына кабылган мугалимине Аккагаз өмүрү өткөнчө ыраазы болгон.
1934-жылдан 1938-жылга чейин аны эч жерге кызматка алышпайт. Апасы Кадича болсо, тигүү фабрикасына тигүүчү болуп жарыбаган эмгек маянага карабастан, эптеп ишке киргенине топук кылышат. Ал үйгө да тапшырма алып тигет, кызы апасына жардам берип, оокатын кылышат. 1934-жылы Аккагаз Фрунзедеги Комвузга агрономия-дан сабак берген, кафедра башчысы, өзүнүн эле атасынын бир тууган эжесинин уулу Азыков Кулия менен баш кошушуп, анын фамилиясын алып, атасынын атын да (отчество) Алиевна деп өзгөртөт. “Эл душманынын кызы” менен баш кошкондугу жубайына да кедергисин тийгизет. Аккагаздын эскерүүсү боюнча “мага үйлөнгөнү үчүн бир катар жолу комсомолдон чыгарылып, кайра кабыл алынат. К.Азыков 1939-1946-жылдары Советтик Армиянын катарында Ата Мекендик согушка катышат. Келгенден кийин ал айыл чарба изилдөө мекемелеринде ишин уланткан. Мен 1938-жылы өзүмдүн эч күнөөсүз эле иштебей же окубай жүргөн абалым жөнүндө СССР Жогорку Советинин председатели атабыз Калининге атайын арыз жаздым. Ал киши менин окууга, иштөөгө укугум бар жөнүндө Кыргызстан Агартуу Министрлигине атайын кат жибергенден кийин гана орус мектептерине кыргыз тилинен сабак берүүгө мүмкүнчүлүк алдым”.
Кулия Азыков жакын тууганы катары, бир жагынан кызды колдоп, экинчи жагынан анын оор тагдырын жеңилдетүүнү көздөгөн окшойт. Эмнеси болсо да, Кулия Азыков ошол учурда билимдүү гана болбостон, асыл сапаттарын да көрсөтүп, репрессиянын каардуу капшабына кабылып, каза тапкан Эшенаалы Арабаевдин үй-бүлөсүнүн чыныгы таянычы болуп калган. Кулия менен Аккагаз баш кошкондон кийин, чынында эле алардын жашоосу жакшы жагына өзгөрө баштаган.
Мугалимдердин жетишсиздигинен 1938–1939-жылдары №4 жана №23 мектептерде мугалим болуп иштеп калган. Орус жана кыргыз тилдерин мыкты өздөштүргөн Аккагаз 1939–1941-жылдары Кыргыз телеграф агенттигинде котормочулук да кесипти аркалаган. Ушул жылдары ал Педагогикалык институттун кечки бөлүмүндө окуп, андан кийин Адабият факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, окуп бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуш 1941-1947-жылдары Фрунзедеги №28, андан кийин Кочкордогу №1 мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 1947-1949-жылдары тагдырдын буйругу мененби, айтор атасы камалардын алдында эмгектенген Фрунзедеги медициналык окуу жайында кыргыз тил мугалими болуп иштеп калган. Албетте, кыйынчылыктарга карабай, жаштарга билим бергендиги үчүн “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы татыктуу эмгеги үчүн” медаль менен да сыйланган.
Аккагаздын 1947-жылы партияга өткөнү да учурдун көз карашы менен караганда кызык нерсе. Анын дүйнөдөгү эң жакын адамы, ошол доордун алдыңкы билимдүү, адамкерчилиги жогору, мекенге берилип кызмат кылгандыгына карабастан, бийликтин курмандыгына айланган атасынын өлүмүнө түздөн-түз күнөөлүү партиянын катарына өткөндүгү, балким коомчулукка белгилүү болуп, төбөсү көрүнүп калган педагогго “эл душманынын кызы” деген жарлык атына көлөкө түшүрүп, илешип келе жаткан бир балээ аталыштан кутулуунун бир жолу катары же болбосо, ал өзү бир кезекте, атасындай болуп, совет бийлигине берилип, балким ушундай жол менен мекенине кызмат кылуу керек, деген ойдо болгонбу, деген да ой пайда болду.
Канткен күндө да Аккагаз эжекебиздин өз оозунан укпагандан кийин, божомолдоп гана айта алабыз. Ал өзү партияга өтүү жөнүндөгү арызында “ал чындыгында эле улутчул болгонбу, совет бийлигине каршы чыкканбы – мен билбейм. Мен атам тарабынан биздин партия менен өкмөткө каршы аракеттерин же айткан сөздөрүн байкаган эмесмин. Атамды мен тажрыйбалуу педагог катарында гана элестете алам”, – деп чын дилден атасын коргоо менен, бирок “мени Коммунисттик партия жана өкмөт тарбиялады жана окутту. Менин максатым – бул партиянын жана өкмөттүн ишенимин актоо менен, социалисттик коомдун татыктуу эмгекчиси болуу”, — деп жазып, “эгер атам чындыгында партиянын жана өкмөттүн саясатына каршы чыкса, анда ал туура жазаланган”, – деген тула бойду дүркүрөткөн сөздөрүн жазган.
Кызы жазгандай, Эшенаалы Арабаев, башкалары деле совет бийлигине ошол мезгилде каршы чыгышкан эмес, алар совет бийлигинин күчүн жакшы түшүнүшкөн, ошондуктан, алардын эл-жерине, анан да совет бийлигине берилип кызмат өтөгөндүгүн жакындары жакшы билишкен. Бирок, бийлик чындыгында күч көрсөтүп, элдин үшүн алуу, кыңк эткирбей башкаруу максатында миңдеген адамдарды жок кылышкан. Алардын үй-бүлөлөрү узак убакыт бийликтин запкысын көрүшүп, билим алууга, башка жактарга чыгууга укугу болгон эмес. Ата-энени балага, баланы бир туугандарына жек көрсөткөн заман болгон.
Бул кол жазмалар атасы үчүн бир убакта запкы көргөн жалгыз Аккагаз Арабаеванын эле эмес, ушундай эле тагдырга туш болгон Төрөкул Айтматовдун, Баялы Исакеевдин, Жусуп Абдрахмановдун ж.б. миңдеген репрессиялангандардын балдарынын жүрөккө так салган арманы катары карасак болот жана аны тарыхый бир документ катары коомчулукка тааныштыруу зарыл деген ойдобуз.
Аида КУБАТОВА,
тарых илимдеринин кандидаты

