whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарНарын облусу эт азыктарын Кытайга экспорттой баштайт

Нарын облусу эт азыктарын Кытайга экспорттой баштайт

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында тоок этин кайра иштетүүгө багытталган заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Завод ишке берилсе тоок этинен жана мал этинен жасалган продукциялар чыгарылат жана ал Кытайга экспорттолот. 

Маалыматка ылайык, бул долбоордун максаты — Кыргызстандын экспорттук потенциалын көтөрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, ата-мекендик ишкерлерди колдоо, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты дагы бекемдөө.

Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы республика боюнча 128 кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары ишке берилерин айтып, алардын курулушу дайыма көзөмөлдө болорун жана мамлекетке инвестиция салам деген ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Эл аралык сапат стандарттарына жана тамак-аш коопсуздугуна жооп берген бул завод жакын арада ишке берилет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар