Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев АКШнын Юта штатынын Сенатынын Төрагасы менен жолукту

Адылбек Касымалиев АКШнын Юта штатынын Сенатынын Төрагасы менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Юта штатынын Сенатынын Төрагасы Стюарт Адамс баштаган АКШдан келген делегация менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, саламаттыкты сактоо, инновациялар, санариптик трансформация жана алдыңкы технологиялар боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар Юта штатынын бизнес чөйрөсү менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз тарап соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун комплекстүү моделин, ошондой эле мамлекеттик органдардын, бизнестин жана мамлекеттик мекемелердин өз ара аракеттенүүсүн иштеп чыгууга даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Юта штатынын Сенатынын Төрагасы Стюарт Адамс меймандостукта жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал Кыргызстандын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жатканын кубаттап, мындан ары да ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Юта штатынын расмий жана спорттук делегациясын Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар