Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Айыл чарба министри Оксана Лут жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар айыл чарба тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, стратегиялык өнөктөштүк негизиндеги мамилелер туруктуу өнүгүп жатканын белгилешти.
Россия Кыргызстан үчүн негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн бири бойдон калууда. Кыргыз тарап эт, сүт, кайра иштетилген азыктар жана балык продукцияларын Россиянын рыногуна экспорттоону кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар 2025-жылдын декабрында кол коюлган агроөнөр жай комплексиндеги кооперацияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле Россиядан асыл тукум мал жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү маселеси каралды.
Кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири катары ветеринария жана илимий изилдөөлөр белгиленди. Кыргыз тарап россиялык адистештирилген мекемелер менен кызматташып, заманбап вакциналарды алуу, тажрыйба алмашуу жана адистерди даярдоо багытында иш алып барууга даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, эл аралык долбоорлорго катышуу жана стажировка программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.


