Иран АКШнын куткаруу операциясы ишке ашпай калганын билдирди

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы АКШнын аскер учагынын экипаж мүчөсүн куткаруу аракетин ишке ашпай калды деп билдирди.

«Хатам аль-Анбия» борбордук штабынын өкүлүнүн маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында АКШга таандык эки C-130 транспорттук учагы жана эки тик учак Исфахан провинциясынын түштүк бөлүгүндө жок кылынганы аныкталган.

Ошондой эле иран тарап АКШнын жетекчилигин маалыматтык жана психологиялык таасир көрсөтүүгө аракет кылып жатат деп айыптады. Билдирүүдө АКШ президенти кырдаалдын чыныгы маңызынан качып, негизсиз билдирүүлөрдү жасап жатканы белгиленген.

Учурда бул маалымат боюнча АКШ тараптан расмий комментарий бериле элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз