Microsoft Corp. компаниясы АКШдагы миңдеген кызматкерлерине пенсия курагына жеткенге чейин өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Бул тууралуу Bloomberg басылмасына шилтеме берүү менен Казинформ жазды.
Маалыматка ылайык, программа жогорку кызматтагы жетекчилерге жана кирешенин өсүшүнө түздөн-түз таасир эткен адистерге тиешелүү эмес.
Акчалай компенсация менен мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу сунушу компаниянын АКШдагы жумушчу күчүнүн болжол менен 7 пайызын камтыйт.
2025-жылдын июнь айынын аягындагы маалымат боюнча, Microsoft Corp. компаниясынын АКШдагы бөлүмүндө 125 миң адам иштеген.
Белгилей кетсек, өткөн жылы компания 10 миңден ашык кызматкерин кыскарткан.