19-декабрда Бишкекте Кыргызстандын футбол тармагындагы жыл мыктыларын сыйлоо иш-чарасы – KFU Football Awards 2025 болуп өттү. Салтанатка Кыргызстандын футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев жана футбол коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Жылдын мыктылары төмөнкү номинациялар боюнча аныкталды:
- Кыргызстандын 2025-жылдагы мыкты футболчусу: Эржан Токотаев – 170 миң сом
- 2025-жылдын мыкты футзал оюнчусу: Шохрух Махмадаминов – 90 миң сом
- 2025-жылдын мыкты аял футболчусу: Нагима Туралиева – 90 миң сом
- 2025-жылдын мыкты жаш футболчусу: Кими Мерк – 90 миң сом
- 2025-жылдын мыкты футбол машыктыруучусу: Эдмар Ласерда – 170 миң сом
- 2025-жылдын мыкты футзал машыктыруучусу: Луис Бернат Молина – 70 миң сом
- 2025-жылдын мыкты аялдар футболунун машыктыруучусу: Антонио Меса – 70 миң сом
- 2025-жылдын мыкты футбол калысы: Эрланбек Осмонов – 50 миң сом
- 2025-жылдын мыкты футзал калысы: Нурбек Арстанбек уулу – 50 миң сом
- 2025-жылдын мыкты футбол клубу: “Барс” футбол клубу – 50 миң сом
- 2025-жылдын мыкты аймактык уюму: Чүй облусунун футбол ассоциациясы – 50 миң сом
- 2025-жылдын мыкты спорттук уюму: “Мурас” окуу-машыктыруу базасы – 50 миң сом
Айрым номинациялар боюнча Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында 2025-2034-жылдарга футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык бир миллион сомдон атайын сыйлыктар ыйгарылды.


