Башкы беткеСпорт жана туризмСпорт«Мурас Юнайтед» АФК Чакырык лигасынын жарым финалына чыкты

«Мурас Юнайтед» АФК Чакырык лигасынын жарым финалына чыкты

19-апрелде Бишкек шаарынынын Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Чакырык лигасынын чейрек финалы болду. Анда ата-мекендик «Мурас Юнайтед» клубу Ливандын «Аль-Ансар» клубу менен кез келди. Анда ата мекендик «Мурас Юнайтед» клубу ливандык «Аль-Ансарды» 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңди.

Кыргызстандык команда оюн башталгандан аягына чейин оюн талаасында үстөмдүк кылды. Оюн эсебин биринчи бөлүктүн 41-мүнөтүндө Денис Яскович ачып, тыныгуудан кийин Алимардон Шукуров менен Андрей Бацула гол киргизди.

«Мурас Юнайтеддин» спорттук директору Азиз Кудайбергенов оюн алар пландагандай өткөнүн белгиледи.

«Оюн машыктыруучулар штабы тарабынан белгиленген план боюнча өттү. Биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү ишке ашырдык. Эми бизди жарым финал күтүп турат. Параллелдүү түрдө «Аль-Кувейт» жана «Аль-Шабаб» клубдарынын ортосунда оюн өтүп, анда Кувейттин клубу жеңишке жетти. Дал ошолор биздин кезектеги атаандашыбыз болот», – деп билдирди ал.

Эми мелдештин жарым финалында «Мурас Юнайтед» клубу 22-апрель күнү «Кувейт» клубу менен кез келет. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков стадионунда орун алат.

Белгилесек, жалпысынан АФК Чакырык Лигасынын тайпалык баскычына 20 клуб катышып, алар Батыш жана Чыгыш аймактарына бөлүнгөн. Батыш зонасынан үч тайпанын жеңүүчүлөрү жана мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы команда кийинки плей-офф баскычына чыккан.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар