whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкектеги эң чоң "Евразия" паркы жайдын соңу менен ишке берилет

Бишкектеги эң чоң «Евразия» паркы жайдын соңу менен ишке берилет

Бишкектин Орок айылында Евразия паркынын курулушу жүрүп жатат. Эс алуучу жай Евразия коммерциялык эмес уюмунан ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата курулмакчы. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Парктын жалпы аянты – 10 гектар. Ал жерде 30дай аттракцион орнотулат.  Динопарк, ири муз жылгаяк, мини стадион, цирк аянтчасы, көргөзмө менен жарманкелерди өткөрө турган экспозициялык зона жана тамак-аш сатуучу жери каралган.

2600 метрлик зонанын үстү жабылып, абанын нымдуулугун арттыра турган система орнотулат. Парктын аймагына 2 миңден ашуун бак отургузулуп, 60 миң чарчы метр аянтка газон түшөт.

Паркка кирүү акысыз болот. Келгендер эс алуу жайына уюлдук тиркемеге байланган электрондук кезек менен киргизилмекчи.

Элдин коопсуздугуна 45 кишиден турган кызмат көз салат. Парктын жалпы аймагына видеокөзөмөл системасы орнотулары, медпункт жана милиция посту болору айтылды.

Эс алуу жайы жыл бою иштейт.

«Евразия» паркы — жөн гана аттракциондор эмес, бул элдердин ортосундагы ынтымактын, ЕАЭБ мамлекеттеринин кызматташуусунун жаңы символу болуп калмакчы», — деп айтылат маалыматта.

Парктын курулуш иштеринин 80 пайызы соңуна чыгып калды, жайдын аягы менен ишке берүү пландалууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар