КР нын мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов швейцариялык технологиялык SICPA SA компаниясынын жетекчилиши менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда өлкөдө алтын казып алууну байкоо жүргүзүү тутумун ишке кригизүү маселеси каралды.
Иш-чарага SICPA SA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Филипп Амон, стратегиялык өнүгүү боюнча директору Жан-Филипп Годен жана башка өкүлдөр катышты.
Тараптар Кыргызстан шарттарына ылайыкташтырылган мониторинг системасын киргизүү боюнча кызматташууну талкуулашты. Бул система алтын жана коштоочу пайдалуу кендерди казып алуу процессин көзөмөлдөөгө, жеткирүүнү ачык- айкын кылууга жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алууга багытталат.
Алмамбет Шыкмаматов мындай система өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, учурда маалыматтарды бурмалоо жана өндүрүш көлөмүн жашыруу сыяктуу тобокелдиктер бар экенин айтты.
Ошондой эле, Салык кызматы менен SICPA SA ортосунда даярдык иштери жүргүзүлүп, жумушчу топ түзүлүп, жол картасы иштелип чыккан. Тараптар жакын арада тиешелүү документтерге кол коюга даяр

