Башкы беткеСаясат жана коомКоомОрунбеков: "Өлкөнүн атына көлөкө түшүргөн маалыматтардан этият бололу"

Орунбеков: «Өлкөнүн атына көлөкө түшүргөн маалыматтардан этият бололу»

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков журналисттерге, блогерлерге жана жалпы ММК өкүлдөрүнө кайрылуу жасап, учурдагы туристтик сезон учурунда өлкөнүн аброюна терс таасир тийгизе турган маалыматтарды чагылдырууда этият болууга чакырды.

Ал Кыргызстандын өнүгүшүндө туризмдин маанилүү роль ойнорун белгилеп, жол кырсыктары жана зордук-зомбулукка байланыштуу кандуу сүрөт-видеолорду таратуудан кармануу зарылдыгын айтты. Орунбеков мындай маалыматтар өлкөнүн эл аралык имиджине залака тийгизиши мүмкүн экенин эскертип, анын ордуна Кыргызстандын кооз жаратылышын, улуттук меймандостугун жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири чагылдырууну сунуштады.

«Башка өлкөлөрдө да кырсыктар, атышуулар, адам өлтүрүүлөр сыяктуу окуялар болот. Бирок алардын жарандары, журналисттери жана блогерлери мындай окуяларды чагылдырууда өлкөсүнүн аброюна шек келтирбөө үчүн жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Анткени башка өлкөгө эс алууга барган туристтер социалдык тармактардагы жана интернеттеги маалыматтарды окуп, изилдешет», — деди Д.Орунбеков.

Бул жаатта «Кыргыз Туусу» гезити ар дайым өлкөнүн имиджин жана коомдук жоопкерчиликти жогору коюп, мындай окуяларды чагылдырууда кылдаттык менен мамиле кылып келет.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар