Садыр Жапаров ЖККУнун Башкы катчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды

Бүгүн, 17-апрелде Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков менен жолугушту.

Жолугушууда жамааттык коопсуздукту чыңдоо, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга, анын ичинде экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселесине көңүл бурулду.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын өкүлүнүн ЖККУнун Башкы катчысы кызматына дайындалышын маанилүү окуя катары баалап, Таалатбек Масадыковго уюмдун ишин чыңдоодо ийгиликтерди каалады.

Президент Кыргызстан 2025-жылы уюмга төрагалык кылган мезгилде мамлекеттер аралык диалогду бекемдөөгө жана практикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан демилгелеген киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык конференция жогорку деңгээлде өткөнүн эске салды.

Мындан тышкары, өлкө учурда Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жатканын айтып, ЖККУ менен ШКУнун кызматташуусу аймактык коопсуздукту камсыздоодо маанилүү экенине токтолду. Өз кезегинде Таалатбек Масадыков жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, аймактагы коопсуздукту чыңдоодо диалогдун ролу чоң экенин белгиледи. Ал ошондой эле 2025-жылдын ноябрь айында Бишкекте өткөн ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ЖККУнун аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуудагы ролу мындан ары да бекемделе турганына ишеним билдиришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз