Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программага катышты.
Меймандарды төкмө акындар жана улуттук кийимчен баатырлар тосуп алышты. Иш-чаранын алкагында того делегациясына кыргыз элинин бай мурасын чагылдырган “Кыргыз айылы” көргөзмө комплекси сунушталды.
Көргөзмөдө кол өнөрчүлүк жана зергерчилик буюмдар, салттуу музыкалык аспаптар, аңчылык жана согуштук шаймандар, ошондой эле көчмөн турмушка тиешелүү экспонаттар көрсөтүлдү. Ошондой эле конокторго кыргыз тайган иттери, алгыр бүркүттөр жана улуттук кийиз буюмдары тааныштырылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаров Фор Эссозимна Гнассингбеге кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы — комузду белекке берип, улуттук суусундуктар менен сыйлады.
Маданий программа “Манас” эпосунан үзүндү аткаруу менен коштолуп, андан соң “Кайбар”, “Шаттык” жана “Акмарал” фольклордук ансамблдери улуттук жана дүйнөлүк чыгармаларды, ошондой эле кыргыз бийлерин тартуулашты.
Белгилей кетсек, Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген.