Астанада “Кытай-Борбор Азия кызматташтыгын өнүктүрүү форуму жана үчүнчү эл аралык “Жибек Жолу” коммуникациялык конференциясына “Кыргыз Туусу” гезитинин кызматкерлери Айгерим Качкынбекова, Султанбек Аманбек уулу катышып келди. Журналист журту эч нерсени көз жаздымында калтырбайт эмеспи, жорголотуп жол дептер жаза келишкен экен, окурмандарыбызга сунуш кылабыз.
Форум тууралуу
Форумдун алкагында өткөн “Синьхуа-Чанъяндагы түн” аталган иш-чарасында кытайдын улуттук оюндары, кийимдери, баарынан да байыртадан келаткан Кытайдын чай ичүү маданияты көрсөтүлдү. Анда чай демдөө ыкмалары, чайга кошулган ар түрдүү чөптөр, ден соолукка тийгизген таасири тууралуу кеңири сөз кылып беришти. Демейде, биз маани бербеген жөнөкөй эле чай демдөө, аны да кемелине келтире өз жолу менен ичүү, кытай маданиятынын ажырагыс бөлүгү экендигине күбө болдук. Ушундай форумдар кайда гана өтпөсүн, ар бир өлкө өз маданиятын даңазалоого умтулуусу керек экенине дагы бир ирет ынандым.
Иш-чаранын экинчи күнүндө бир нече маанилүү темалар: “Жибек Жолу” боюнча медиа кызматташтыкты тереңдетүү; Эл аралык маалымат алмашуунун жаңы ыкмаларын өнүктүрүү; Маданий мурастарды коргоо жана “Жашыл Жибек Жолу” идеясын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле энергетикалык коопсуздук жана Евразия өлкөлөрүнүн байланышын чыңдоо боюнча кызуу пикир алмашуулар болду.
Форум – Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин маалымат каражаттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, маалыматтык байланыштарды өркүндөтүүгө арналган.
Форум тууралуу кеңири макалабыз гезитибиздин 24-июндагы №45 (24915) санына, kyrgyztuusu.kg сайтыбызга жарыяланды.
Жолдон көргөндөрүм…
Журналист катары Кыргызстандын дээрлик бардык райондорун кыдырып чыккам. Бул кесиптин бир жакшы жери эл менен аралашасың, көп жерлерди көрөсүң. Журналист бүгүн селсаяк менен чөп үстүндө отуруп алып маектешсе, эртең өлкө башчыдан маек алып калышы мүмкүн. Кызык ээ…
Эми, Астанага сапарыбыз тууралуу айтайын. 20-июнь күнү редакциядан кесиптешим Айгерим Качкынбекова экөөбүз «Манас» аэропортуна жөнөдүк. Аэропорттун жолундагы айылдардын биринен өтүп баратканда жагымсыз жыт келди. Таксист мал союучу жайдан чыккан жагымсыз жыт экенин, жергиликтүү бийлик бул жерди көзөмөлдөбөй жатканын айтып наалып алды.
Каттоодон өтүп, «Air Astana» компаниясынын кызматкерлери жылуу маанайда тосуп алышты. Учакка отургузуу башталганда “Бишкек-Москва”, “Ош-Москва” багыттары боюнча нечен ирет учсам да көрбөгөн жагдайга кабылдым. Балким бул башка өлкөлөргө учкан самолеттордо кадимки көрүнүш болушу мүмкүн. Айтайын дегеним ар бир отургучка суу жана кулакчын (наушник) коюшуптур. Орундуктагы монитордон каалаган нерсени көрсө болот экен. Ал тургай монитор 5-6 тилге которулат. Алматыга бат эле жетип бардык, ал жердин аэропортунун кенендиги дагы жакты. Алматыга жеткенде Кыргызстандан 20га жакын журналист бул форумга кетип жатканыбызды билдик. Алматыдан Астанага чейин бир сааттай жол жүрдүк, ушундай кыска аралык болсо да бир сендвич жана суусундук беришет экен. Астанадан бизди эки кытай жигит тосуп алышты. Алардын бири казак тилинде эркин сүйлөсө, экинчиси орус тилдүү экени биздин карым-катнашыбызды жеңилдетти.
Биз мейманканага кечки саат 22:00 чамасында бардык. Ачыгын айтыш керек, уюштуруучулар конокторду Астананын эң алдыңкы делген эки мейманканасына жайгаштырышты. Дүкөнгө шам-шум этип алганы кирип, бааларды көрүп баарыбыз эле таң калдык. Эртеси күнү эки күн жогоруда айткан иш-чарада жүрдүк.
Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”
Астана: «Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга»
Астана жаңы шаар экен. Дегеним, көп кабаттуу үйлөр жаңы салыныптыр, Бишкектегидей эски үйлөр аз экен. Ал эски үйлөрдү да бузуп жаңы салуу бийликтин планында бар экенин жергиликтүүлөр айтышты. Дээрлик, аялдамалардын баарында жаан-чачын учурунда кирип ала турган атайын жайлар курулуптур. Автобустун айдоочулары накталай акча албай тургандыгы бизди таң калтырды. Жүргүнчүлөр деле айдоочуга накталай төлөйм деп доомат кылбай, баары мыйзамга баш ийип карта менен төлөп жатышты.
Айдоочудан эмне үчүн накталай акча албай турганын сурадым. Айдоочунун маңдайына видео камера коюлуптур, эгерде накталай акча алса, 50 000 теңге айып пул салынат тура. Бишкектегидей автобуста тыгылган эл көрүнбөдү, коомдук транспорттун ичинде жүргүнчүлөр көп эмес. Баса, Астанада жол акысы 110 теңге, биздин акчага 16 сомду түздү. Бишкектегидей же Оштогудай жол тыгынын да көрө алган жокпуз.
Өкүнүчтүүсү «Байтеректи» багындыра албай кайттык. Анткени, бул монументти көргөнү эл көп келет экен. Кечки саат 22:00дө монумент ишин токтотот экен, бирок, касса 21:30га чейин иштейт дешти. Бош убакыт болгондо дароо «Байтеректи» көздөй чуркайбыз, бирок, элдин көптүгү эки жолу, техникалык тыныгуу бир жолу биздин монументке чыгышыбызга тоскоолдук кылды. Ошентип, биз жашаган мейманкананын жанындагы «Байтерекке» чыгууну бизге насип кылбаптыр. Жанынан сүрөткө түшүп эле кайттык, балким дагы бир жолу барганда чыгаттырбыз…
Астаналыктар шаарды ушунчалык таза кармашат. Көчөдө таштанды жатканын көрө алган жокпуз. «Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга», – деген сөз ошолорго жарашчудай.
Казак тили, сары түстөр…
Астаналыктар тилге өзгөчө көңүл бура турганы дароо байкалды.
Көчөлөрдө жазуулары алгач казак тилинде, андан кийин орус тилинде жазылат экен. Ар бир сөз таза казак тилине которулуп жазылганын көрүп суктандык. Астананын дагы бир көңүлдү бурганы көп кабаттуу үйлөр да, мекеме ишканалар да сары түс менен жарыктандырылыптыр. Сары түс көзгө жагымдуу көрүнүшү менен өзгөчөлөндү.
Ошентип, Астанага болгон сапарыбыз аягына чыгып, көп нерсени көрүп, көңүлүбүз өсүп, түркүн ойго батып келдик. Гезиттин кийинки сандарында медиа мейкиндигинде кызматташуунун күңгөй-тескейине кенен токтолобуз.
Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”