Башкы беткеСпорт жана туризмСпортТаласта жаңы стадион курулат

Таласта жаңы стадион курулат

Талас шаарында жаңы 5 миң орундуу стадиондун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди. Объектти союздун вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчысы Медербек Сыдыков жана президенттин кеңешчиси Аман Каскеримов жумушчу визит менен кыдырышты.

Маалыматка ылайык, сапар учурунда союздун өкүлдөрү курулуштун учурдагы этаптарын текшеришти, иштердин сапатын жана долбоордун бүтүү мөөнөттөрүн талкуулашты. Алар жаңы стадиондун эл аралык стандарттарга жана футбол инфратүзүмү боюнча талаптарга толугу менен жооп бериши керектигин белгилешти.

Стадиондун курулушунун башталышы катары 2025-жылдын 9-апрелинде капсула салынган. Иш-чаралар бүткөндөн кийин Талас облусунда эл аралык деңгээлдеги футбол матчтарын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жаңы стадион Таластын  “Азия” футбол клубунун үй стадиону болуп кызмат кылмакчы.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар