Башкы беткеМаанилүүФранциянын мурдагы президенти Николя Саркози 5 жылга эркинен ажыратылды

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 5 жылга эркинен ажыратылды

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 2007-жылдагы шайлоо кампаниясын Ливия каржылаган деген иш боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу BFM TV кабарлады.

Сот Саркозиге кошумча 100 миң евро айып салды жана 5 жыл бою мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө же шайлоого катышууга тыюу койду.

Саркози өзүн күнөөсүз деп атап, чечимди сөзсүз түрдө даттанарын билдирди. Анын жакын санаалаштары – Клод Геан жана Брис Ортефө тең 6 жана 2 жылга кесилди.

Белгилей кетсек, бул иш 2012-жылы француз медиа порталы Mediapart Каддафинин режиминен Саркозинин кампаниясына акча берилгени тууралуу документ жарыялагандан кийин башталган.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар