whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Түштүк Корея дарек системасын жаңыртуу боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Түштүк Корея дарек системасын жаңыртуу боюнча кызматташат

Кыргызстандын Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги Түштүк Кореянын Ички иштер жана коопсуздук министрлиги менен меморандумга кол койду. Документ Коян шаарында расмий түрдө кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, келишимдин негизги багыттары төмөнкүлөр:

  • адистерди алмашуу жана биргелешкен изилдөөлөр;

  • дарек системасын жаңыртуу боюнча консультация жана техникалык жардам;

  • эл аралык стандарттарга ылайык бирдиктүү дарек базасын түзүү;

  • эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын кызматташтыгын кеңейтүү.

Меморандум беш жылга эсептелип, мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Ал милдеттендирүүчү күчкө ээ болбосо да, тараптардын кызматташууну чыңдоо ниетин тастыктайт.

Госагенттиктин маалыматына караганда, бул демилге өлкөдө башкаруунун ачык-айкындыгын жогорулатууга, коопсуздукту камсыздоого жана мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга жардам берет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар