Башкы беткеРубрикаларАймактарБаткенде күн панелдери астында клубника өстүрүлө турган уникалдуу долбоор башталды

Баткенде күн панелдери астында клубника өстүрүлө турган уникалдуу долбоор башталды

Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында Кыргызстандагы алгачкы “Агровольтайка” долбооруна старт берилди. Ал 80 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын курууну жана анын астында айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнү камтыйт.

Долбоордун өзгөчөлүгү

  • Күн панелдери таза электр энергиясын өндүрөт.

  • Панелдердин астында клубника жана башка өсүмдүктөр өстүрүлөт.

  • Сууну үнөмдөйт, түшүмдүүлүктү арттырат, жерди натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.

«Жашыл Тилек» ЖЧКсынын директору Марат Айдаровдун айтымында, долбоор жылына 160 млн кВт·с электр энергиясын өндүрүп, 2500 тоннадан ашык кулпунай өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Жалпы инвестиция көлөмү 32 млн долларды түзөт.

Долбоор инновациялык композиттик конструкциялар менен курулуп, панелдер 25 жылдан ашык иштөөгө ылайыкталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева бул демилге Лейлек районуна инвесторлорду тартууга жана айыл өкмөтүн дотациядан чыгарууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар