Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензин чыгарыла баштайт

Кыргызстанда АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензин чыгарыла баштайт

Кыргызстанда ЕАЭБ талаптарына жана эл аралык стандарттарга жооп берген АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензин чыгарыла баштайт.

Сапаттуу күйүүчү май учурда модернизацияланып жаткан мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” заводунан чыгарылат. Бул жерде 21 миң тонна нефть продуктылары сактала турган цистерналар үчүн орундар даярдалган. Бардык иштерди 2027-жылдын аягында бүтүрүү пландалууда.

Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү заводду дүйнөгө белгилүү SPEC ENGINEERING INC компаниясы оңдоп жатат. Модернизациянын жалпы суммасы 410 млн долларды түзөт. Анын 200 млн доллары инвестор тарабынан, 110 млн доллары мамлекет, калган 100 млн доллары “Кыргызнефтегаз” тарабынан берилген.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги завод уникалдуу технология менен курулуп жатканын жана Борбор Азияда алгачкылардан болорун билдирди.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар