Садыр Жапаров: «Россия стратегиялык өнөктөш бойдон калат»

Президент Садыр Жапаров Россияга болгон акыркы иш сапары боюнча түшүндүрмө берип, бул визит эч кандай тышкы басымсыз, өз демилгеси менен уюштурулганын билдирди.

Анын айтымында, Астанада өткөн экологиялык саммиттен кийин Москвага барып, бир нече маанилүү маселени бир сапардын алкагында чечүү максаты коюлган. Бул демилгени Россиянын президенти Владимир Путин колдогон.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка байланышкан кеңири маселелер эки сааттан ашык талкууланып, айрым багыттар боюнча кошумча сүйлөшүүлөр өткөрүү чечими кабыл алынган. Кийинки күнү кеңейтилген курамда жолугушуу өтүп, негизги маселелер боюнча макулдашууларга жетишилди.

Президент ошондой эле акыркы жылдары кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүдө Россия тараптын колдоосун белгилеп, бул өлкө Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш бойдон каларын айтты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз