Касымалиев Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь менен жолукту

Бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын коргоо министри, Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Дун Цзюнь менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда акыркы жылдары Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташтык ар түрдүү тармактарда ыкчам өнүгүп жатканы белгиленди. Бул байланыштар Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин деңгээлинде жетишилген макулдашуулардын негизинде бекемделүүдө.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан Кытайды негизги стратегиялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын айтып, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана коопсуздук тармактарындагы кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Дун Цзюнь Кытай тарап Кыргызстан менен ар тараптуу, анын ичинде аскерий жана коопсуздук багытындагы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цяндын саламын жеткирди.

Белгилей кетсек, Дун Цзюнь Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн келген. Бул жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз