Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 28-30-апрелде Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргызстанга расмий сапары болот.
Сапардын жүрүшүндө эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү, ошондой эле инвестиция, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, санариптештирүү жана башка багыттардагы бир катар документтерге кол коюу каралган.
Бул сапар Кыргызстандын Африка континентинин өлкөлөрү менен кызматташтыгынын тарыхында эң жогорку деңгээлдеги биринчи сапар болот.