2026-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарында угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында грек-рим күрөшү боюнча шаардык чемпионат өткөрүлдү. Мелдеш Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин базасында уюштурулду.
Ачылыш аземине шаардык бийликтин өкүлдөрү, депутат Эльвира Сурабалдиева, ошондой эле белгилүү спорт ишмерлери катышты. Алар инклюзивдик спорттун маанисин белгилеп, анын тарбиялык жана социалдык ролуна токтолушту.
Чемпионатка Бишкектен 30га жакын спортчу катышып, мелдештер 55 кгдан 72 кгга чейинки салмак категорияларында өттү.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланып, иш-чара спортту жана тең мүмкүнчүлүктөрдү жайылтууга багытталды.
