XXV Кышкы Олимпиада оюндарынын кызыктары

0
1473

                2026-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндары 6-22- февраль күдөрүндө  Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өттү. Ага 93 өлкөдөн, 2900 спортчу катышып, мелдештерде ар бир спортчу өзүнүн аракетин, спорттук чеберчилигин көрсөтө алышты. Дүйнөлүк спорттук майрам кечээ жыйынтыкталганы менен, спортчулардын жүрөгүндө түбөлүк өчпөс из калтыра алды десек болот.

Жыйынтыктоо салтанаты

Оюндардын расмий жабылуу аземи тарыхый Арена ди Верона амфитеатрында өттү. Бул имарат биздин заманга чейинки I кылымда Рим империясынын доорунда курулган жана дүйнөдө эң байыркы олимпиадалык объекттердин бири жана опералык, маданий сахна болуп саналат.

Аземди уюштуруучуларынын жетекчиси Мария Лаура Ясконе бул жайды “тарыхы жана улуу операларды сахналаштыруудагы мүмкүнчүлүгү менен дүйнөгө таанылган өзгөчө мейкиндик” деп мүнөздөдү. “Сулуулук аракетте” аттуу жыйынтыктоочу шоу көрүүчүлөргө терең эмоция тартуулап, Олимпиаданын рухун дагы бир ирет даңазалай алды.

Сахнада белгилүү аткаруучулар — Акилле Лауро, Габри Понте, Бенедетта Поркароли жана Major Lazer өз өнөрлөрүн тартуулашты. Албетте, кеченин башкы каармандары спортчулардын өздөрү. Көрсөтүү жаркыраган түстөр менен башталып, чоң майрамдык шаң менен жыйынтыкталды. Жабылыш аземинин режиссёру Стефания Опипари иш-чаранын концепциясында италиялык опера маданияты, спорт жана аймактык мурас айкалышканын белгиледи.

 

Белгилей кетсек, сахнанын 80 пайызы жыгачтан жасалып, жарык берүү

чү жабдуулардын 90 пайызы энергия үнөмдөөчү LED системаларынан түзүлүп, кос-
тюмдар болсо кайра иштетилген кездемелерден тигилген. Муну менен каражатты жана электр жарыгын эң көп үнөмдөй алган дүйнөлүк иш-чара болду.

Ошентип, Олимпиада–2026 спорттук жетишкендиктер менен гана эмес, маданий жана экологиялык жоопкерчиликке багытталган өзгөчө жыйынтыктоочу аземи менен да көрөрмандардын эсинде калмакчы.

Медалдык эсеп жана рекорддор

Жалпысынан 16 дисциплинада 116 медалдар топтому ойнотулуп, бул көрсөткүч жаңы рекорд катары катталды.

Норвегия курамасы медалдык эсепте алдыга чыгып, оюндардын мыкты командасы аталды. Башкача айтканда Норвегиялык спортчулар жалпы медалдардын саны боюнча рекорд жаңыртышты. Бул ийгилик өлкөнүн кышкы спорттогу салттуу үстөмдүгүн дагы бир ирет далилдеди.

АКШ спорттук командасы 12 алтын, жалпысынан 32 медаль утуп экинчи орунду ээледи. Мындан тышкары, АКШ курамасы эки хоккей финалында тең Канаданы жеңип, чоң сенсация жаратууга жетишти. Мындай жеңиш американын хоккей тарыхында 49 жылдан бери быйыл гана болуп отурат.

Италия курамасы да күйөрмандарын кубандырып, 10 алтын, жалпысынан 30 медаль жеңишип, 1994-жылдагы Лиллехаммер Олимпиадасынан берки эң мыкты жыйынтыгын кайталап, медалдык рейтинг төртүнчү орунга чыкты.

Ошону менен алдыңкы ондукка Франция, Швеция, Швейцария, Австрия жана Япония кирди. Бул Олимпиада Бразилия үчүн да тарыхый болду. Тоо лыжачы Лукас Пиньейро Бротен алтын медаль утуп, Түштүк Америкадан чыккан алгачкы кышкы Олимпиада чемпиону аталды.

Борбор Азияга бир медаль

Боордош казак элинин 21 жаштагы спортчусу Михаил Шайдоров XXV Кышкы Олимпиада оюндарынын алтын медалын жеңип, бир эле Казакстанды эмес Борбордук Азия аймагын кубандырды. Михаил Шайдоров 2004-жылы Алматы шаарында төрөлгөн жана 2020-2024-жылдары Казакстандын муз  үстүндө бийлөө боюнча беш жолку чемпиону аталган. 2022-жылкы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алса, 2025-жылы Азия оюндарынын жана дүйнө чемпионатынын коло медалдарына ээ болгон.

Белгилей кетсек, Шайдоров Казакстандын тарыхында муз үстүндө бийлөө боюнча Кышкы Олимпиадада алтын медаль уткан экинчи спортчу. Ошондой эле, Борбор Азия аймагынан алтын медаль уткан жалгыз спортчу аталды.

Кыргызстандык спортчулар Артур Сапарбеков жана Тимур Шакиров лыжа тебүү боюнча мелдештерге катышып, тилекке каршы ийгиликке жетише алышпады. Муну өлкөбүздө кышкы спортко салкын мамилебиздин жыйынтыгы катары бааласак болот.

Ал эми россиялык спортчулар өлкө атынан катышуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан жеке спортчулардын өздөрүнүн атынан катышуу укугун алышкан.  Жалпысынан Олимпиадага Россиядан 13 спортчу катышып, алар нейтралдуу статуста медаль үчүн ат салышып, жыйынтыгында бир күмүш медаль утушту.

Гендердик рекорд

Бул олимпиадада катышкан спортчулардын саны да тарыхый деңгээлге жетип, аял спортчулардын катышуусу болжол менен 47%ды түзүп, кышкы олимпиадалар үчүн рекорддук гендердик теңдикти көрсөттү. Жалпы 2900 спортчу келип катышса, алардын 1533ү эркектер болсо, 1338и айымдар болду. Мындай теңдик кышкы спорт түрлөрү менен машыккан айымдардын саны дагы арбын экендигин көрсөтөт.

Медалдар топтому

Олимпиадалык мелдештерде жалпы 116 медалдар топтому ойнотулду. Бул медалдар спортчулар үчүн премиум сувенирге айланып, алтын жана күмүштүн бааларынын өсүшүнө байланыштуу өзгөчө баага ээ болду.

Алтын медалдын салмагы 506 граммды түзүп, курамында 6 грамм алтын жана 500 грамм күмүш бар. Баасы 2300 АКШ долларды түзөт. Күмүш медаль таза күмүштөн жасалып, салмагы 500 грамм. Баасы 1400 АКШ долларын түзөт. Ал эми коло медалдын салмагы 420 граммды түзүп, таза колодон жасалган. Баасы болсо 5-10 доллар чамасында.

Италия Президенти сыйланды

Олимпиаданын жыйынтыктоочу күнүндө Эл аралык олимпиада комитети Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелланы жана премьер-министри Жоржия Мелонини Алтын олимпиадалык орден менен сыйлады. Комитеттин президенти Кирсти Ковентри бул сыйлык уюштуруучу өлкөгө болгон ыраазычылыктын белгиси экенин белгиледи.

Бул Олимпиада Италияда өткөн төртүнчү оюндар болуп, бир катар жаңычылдыктар менен спорт күйөрмандарынын эсинде калды. Уюштуруучулар сатылган билеттердин саны боюнча да рекорд койгонун жана жаштардын катышуусу жогору болгонун
белгилешти.

 Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз